Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Стендап-комик Назгүл Айылчынова УКМКга чакыртылды


Назгүл Айылчынова.
Назгүл Айылчынова.

Бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары суракка чакырылганын өзү ырастады. Бирок эмне үчүн суракка барганын айткан жок. Ал өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына суракка кирип чыкканын гана кыскача жазды.

Буга чейин ал телефондогу Doublicat тиркемеси менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн пайдаланып жасаган видеону социалдык тармактарга бөлүшкөн. Ага айрым жарандар нааразы пикир жазышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Айылчынованын эмнеге суракка чакырылганы тууралуу маалымат бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG