Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Аткаминерлер соцтармакты кандай колдонот?


Коллаж.
Коллаж.

Адистер кыргыз аткаминерлери социалдык тармактарды колдонууда дүйнөлүк тенденциядан артта калып жатканын белгилешет.

Парламентте жана өкмөттө эл менен жакын болуунун заманбап ыкмасын тандаган лидерлер аз. Саясатчылардын “Фейсбук”, “Твиттер”, “Инстаграм” сыяктуу түйүндөрдөгү аракети шайлоо учурунда гана күчөйт.

Президент менен премьер-министрдин аккаунттары иштеп жатканы менен көбүнчө пресс-релиз өңдүү супсак маалыматтар гана камтылат. Айрым баракчалардын расмий макамы жок.

Ошол эле маалда өнүккөн өлкөлөрдүн лидерлери социалдык түйүндөрдү эл менен баарлашуу, жасаган иши тууралуу отчет берүү, өз саясатын жайылтуу үчүн оңой курал катары колдонуп жүрүшөт.

Мисалы, АКШнын президенти Дональд Трамп “Твиттердеги” баракчасына күн сайын бир канча билдирүү жазат. Аны эл аралык медиа өкүлдөрү маалымат катары илип алган учурлар арбын.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо болсо жасаган ишин “Инстаграмда” фото жана видео түрүндө чыгарып, отчет берет.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян “Фейсбуктан” түз байланышка чыгып, элдин арыз-муңун угуп турат.

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев соцтармактарды такай колдонот.

Алардын Интернеттеги окурмандарынын саны жана башка мисалдар тууралуу бир аздан кийин сөз кылабыз. Азыр кыргыз саясатчыларынын соцтармактардагы “ишмердигине” көз салып көрөлү.

"Расмий макам" маселеси

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун “Фейсбукта” жана “Инстаграмда” баракчасы ачылган. "Фейсбукта" аны 24 миңден ашуун, "Инстаграмда" 102 миңден көбүрөөк адам окуйт.

Бирок издөө функциясына Жээнбековдун аты-жөнүн жазсаңыз бир канча профилдер чыгат. Анын кайсынысы чындап президентке таандык экенин билиш кыйын. Анткени атайын макам алынган эмес. Адатта расмий аккаунттар “көк түстөгү тырмакча” менен белгилениши керек.

"Инстаграмдагы" Жээнбековдун ишмердигин чагылдырып келаткан баракча.
"Инстаграмдагы" Жээнбековдун ишмердигин чагылдырып келаткан баракча.

“Инстаграмда” Жээнбековдуку экени айтылган аккаунт чет элдик саясатчылардын барактарына жазылбаганын көрөсүз. Болгону экс-президент Алмазбек Атамбаевдин баракчасы менен өзүнүн басма сөз катчысынын профилине гана катталган.

Сооронбай Жээнбековдун баскан-турганын жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев фото аркылуу чыгарып турат. Анын айрымдары Интернет колдонуучулардын талкуусуна түшүп, толгон-токой комментарийлер жазылат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да “Инстаграмда” баракчасы бар. Өкмөт башчынын ишине ал жакта көз салып отургандар 6300дөн ашат. Баракча чынында Абылгазиевдики экенин басма сөз кызматы ырастаганы менен, аккаунт расмий макам алган эмес. Премьер-министр "Инстаграмда" бир гана президент Сооронбай Жээнбековдун барагына жазылганын көрөсүз.

"Инстаграмдагы" Абылгазиевдин ишмердигин чагылдырып келаткан баракча.
"Инстаграмдагы" Абылгазиевдин ишмердигин чагылдырып келаткан баракча.

Президенттин да, өкмөт башчынын да социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын басма сөз кызматынын адистери тейлейт. Өздөрү да баш багып турарын басма сөз катчылары билдиришти.

Адатта чет өлкөлүк лидерлер кайсы бир кайгылуу же кубанычтуу окуяда дароо баракчасына пикирин жазып, мамилесин билдирет эмеспи. Кыргызстанда болсо басма сөз кызматы атайын пресс-релиз жөнөтмөйүнчө реакцияны байкаш кыйын.

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков социалдык тармактарда дээрлик көрүнбөйт. “Фейсбуктагы” баракчасында акыркы жолу 2017-жылдын 2-ноябрында маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган тексти жарыяланган. Бирок анын да расмий макамы жок болгондуктан, өзү жазганбы же башкабы, билиш кыйын.

Адистер канааттанбайт

Жарандык активист, пиар-адис Азим Азимов бийлик өкүлдөрү социалдык түйүндөрдү шайлоо учурунда гана бирөөлөрдүн жардамы менен кызуу колдонуп, анан унутуп жатышканын сындады. Ал саясатчылардын басма сөз кызматкерлери чабал иштеп жатат деген ойдо:

Азим Азимов.
Азим Азимов.

- Азыр адамдар узун тексттерди окубайт. Анын ордуна видео көргүсү келет. Видео деле бир мүнөттүн тегерегинде болушу кажет.

Басма сөз катчылары пресс-релиз гана жазбай, интерактив усулдарды колдонушу керек. Элди тарта тургандай кызыктуу кылып жасаш керек. Бул аябай көп убакытты талап кыла турган иш. Бирок заманга жараша иштеп, адистерди жалдашы зарыл. Пресс-релиздин доору эчак өткөн.

Эл аралык “Current time” долбоорунун социалдык медиа боюнча эксперти Толкун Умаралиевдин байкоосунда, өнүккөн мамлекеттерде саясатчылар имиджин бир калыпта сакташ үчүн Интернеттин ролу жогору экенин билишет жана буга олуттуу мамиле кылышат:

Толкун Умаралиев.
Толкун Умаралиев.

- Себеби, элдин көбү социалдык тармакты пайдаланат. Адамдар азыр эртең менен туруп гезит окубайт. Алар “Фейсбук”, “Инстаграм”, “Твиттер” сыяктуу түйүндөрдү карап, маалыматтарды, билдирүүлөрдү окуйт. Чет элдеги саясатчылар бул тенденцияны жакшы түшүнүшөт жана ошол агымда болууга аракет кылышат. Же өздөрү, же пиар-адистердин жардамы менен социалдык медианы жигердүү колдонушат.

Кыргызстандагы саясатчылар деле жылдан жылга социалдык түйүндөрдү колдонууну жакшы өздөштүрүүгө аракет кылып жатышканы байкалууда. Бирок аны өзүнө керек учурда гана иштетишет. Айрыкча шайлоо өнөктүгү маалында жакшы маанай жараткан фото-видеолорун жүктөп же аны башкалар аркылуу жайылтышат.

Чет элдик лидерлердин тажрыйбасы

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы менен дээрлик бирдей убакытта иш баштаган Армениянын премьери Никол Пашиняндын "Фейсбуктагы" барагына 530 миңден ашуун киши жазылган.

Пашинян эмне кылса да баракчасы аркылуу ачык айтып турат. Анын "Инстаграм" баракчасында 45 миң көрүүчүсү бар.

Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдонун "Фейсбуктагы" профилине 6 миллион 300 миңден көп адам жазылса, "Твиттерде" 4 миллиондон ашуун окурманы бар. "Инстаграмына" 2 миллиондон көп адам жазылган. Ал расмий жолугушуулардан тышкары, жөнөкөй эл менен баарлашуусун, дем алган учурларын да жарыялап келет. Эл менен ошол жакта баарлашып, пикирин билдирет.

Мындай мамиле Франциянын президенти Эммануэл Макрондун баракчаларында да байкалат. Аны "Фейсбукта" 2,5 миллион, "Твиттерде" 3 миллиондон ашуун, "Инстаграмда" миллиондондон көп окурманы бар.

АКШнын президенти Дональд Трампты "Фейсбукта" 25 миллионго чукул, "Твиттерде" 53 миллиондон көп, "Инстаграмда" 10 миллиондой киши окуйт. Трамп соцтармак аркылуу дайыма окуяларга пикирин билдирип турат.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин "Фейсбугуна" 1,5 миллионго жакын, "Твиттерине" 5 миллиондон ашуун, "ВКонтакте" барагына 2 миллиондон көбүрөөк, "Инстаграмына" 3 миллиондой адам катталган. Ал деле саясий ишмердиктен тышкары, эс алуу учурларын жарыялап келет.

Ирандын лидери Хасан Роуханинин "Твиттерде" эки аккаунту иштейт. Ал биринде перс, экинчисинде англис тилинде билдирүүлөрдү жарыялайт. Эки профилдеги окурмандарынын санын кошкондо 1,5 миллиондон ашат.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин "Фейсбуктагы" барагына 217 миңден ашык адам жазылган. Бирок бул профил расмий маалыматтарды жайылтуучу каражат катары гана колдонулуп келет. Өзбек лидери соцтармак аркылуу эл менен баарлашкан учур байкала элек. Ал эми "Инстаграмда" өзбекче жана англисче өз-өзүнчө расмий аккаунттары бар. Басма сөз кызматы жүргүзгөн бул эки профилге 900 миңдей окурман катталган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бир кезде "Твиттерди" сындап чыкканына карабай, платформада анын саясаты кеңири жайылтылып келатат. Аны 13 миллиондон ашуун адам ээрчийт. "Фейсбукта" болсо 9 миллиондон көп окурман-көрөрманы бар.

Жогоруда мисалга алынган лидерлердин баракчаларынын баарына расмий макам ыйгарылган. "Өзүнүн аккаунтубу же жасалмабы?" деп шек санабайсыз.

Калыстык үчүн белгилей кетсек, кыргыз саясатчыларынын арасынан Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Аида Касымалиева, Алмамбет Шыкмаматов, Айнуру Алтыбаева, Жылдыз Мусабекова, Элвира Сурабалдиева, Кенжебек Бокоев ж.б депутаттар Интернетте адамдар менен баарлашып, пикирлерди угуп, аны Жогорку Кеңештин трибунасында айтып турушат.

Бирок алардын аккаунттарында деле расмий макам белгиси жок. Мындай макам мурдагы өкмөт башчылардан Өмүрбек Бабановдун "Фейсбугуна", Темир Сариевдин "Твиттерине" алынган.

Социалдык түйүндөргө карата кенебестик мамиле казак, тажик жана түркмөн бийлик өкүлдөрүндө да кездешет. Макала даярдап жаткан кезде алардын расмий макам ыйгарылган баракчаларын издеп, таба албадык.​

Адистер маалымат күрөшү кызыган азыркы заманда саясатчылар социалдык медиа компаниялардан расмий макам алып иш кылууга кеңеш берет. Ал үчүн ашыкча күч коротуунун кереги жок, болгону социалдык түйүндөгү тийиштүү суроо-талап, эрежелерди аткаруу жетиштүү.

Кыргызстандагы социалдык тармакта “гүлчөтай” өнөкөтү да кеңири жайылганы айтылып жүрөт. Тагыраак айтканда, саясатчылардын өзү жана анын кол алдында иштегендер башка ат менен катталып, жагдайга көз салып, пикир билдирип отурганы жөнүндө кеп-сөздөр бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG