Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 16:25

Үгүткө корогон миллиондор жана укуктук талаш


«Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Реформа» партияларынын эн белгилери.

4-октябрдагы шайлоодо бийликчил деп мүнөздөлгөн партияларга байланыштуу каржылык жана укуктук маселе келип чыкты.

«Реформа» партиясы «Конституцияны жана мыйзамдарды бузду» деген негиз менен «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынын ишмердигин токтотууну талап кылууда. Аты аталган партиялар буга макул эмес.

Ал арада «Мекеним Кыргызстандын» тизмесиндеги Марлен Маматалиев үгүт өнөктүгүндө өзүнүн партиясы колдонгон ыкмаларды «паракорлукту мыйзамдаштырууга» теңеди. Партия жетекчилиги бул Маматалиевдин өзүнө гана тийиштүү маселе экенин айтууда. Эксперттер болсо партиялар үгүт өнөктүгүн добуш сатып алуунун реалдуу формасына айландырып алышканын белгилешет.​

«Реформанын» талабы

«Реформа» партиясы 17-октябрда Юстиция министрлигине кайрылып, «4-октябрдагы шайлоодо Конституцияны жана мыйзамдарды бузду» деген негиз менен «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынын ишмердигин токтотуу маселесин сотко жиберүүнү суранды.

Кайрылууда аталган партиялар шайлоочулардын добушун сатып алганы, шайлоонун купуялыгына бут тосушканы, №2 форма деген документти кыянат пайдаланып, шайлоочулардын добуш берүү дарегин мажбурлап өзгөртүшкөнү негиз кылып көрсөтүлгөн.

«Реформанын» лидери Клара Сооронкулова партиялардын юридикалык жоопкерчилиги «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга ылайык, Юстиция министрлиги тарабынан каралууга тийиш экенин айтууда:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Министрликте партиялардын ишмердигин убактылуу токтотуп же каттоосун жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай учурда министрлик сотко көрсөтмө берип, анын негизинде каттоо жокко чыгарылат».

«Биримдик» партиясы «Реформа» партиясынын кайрылуусун чагым деп сыпаттап, партиянын ишмердигин токтотууга эч кандай негиз жок экенин билдирди.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров да муну куру доомат деп баалап, мыйзам бузуу жөнүндө ар бир арыз далилдер менен көрсөтүлүүгө тийиш экенин айтты. Ал кандайдыр бир мыйзам бузулганы аныкталса, партиянын эмес, талапкердин жоопкерчилиги каралышы керек экенин кошумчалады.

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Ал эми «Кыргызстан» партиясынын өкүлү Тазабек Икрамов 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан, «Реформа» партиясы бул маселени көтөрбөй эле койсо болорун белгиледи.

«Азаттык» радиосу азырынча Юстиция министрлигинен комментарий ала алган жок.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Айнуру Алтыбаева «Реформа» партиясы Юстиция министрлигине кайрылбай, түз эле сотко арызданса болорун айтты:

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

«Клара Сооронкулова өзү сотко кайрылып, далилдер менен негиз келтирип берсе болот. Мыйзамдарды сыйлап иштегенибиз оң».

Жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары бийликчил деп мүнөздөлгөн. Жарандык коом жана атаандаш партиялар алар административдик ресурс колдонушканын, добуштарды акчага сатып алышканын билдирип, бул тууралуу бир катар видеолор Интернетке тараган.

Үгүтчүлөргө корогон миллиондор

Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты, жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Марлен Маматалиев №2 форманы коррупциялык схема катары сыпаттады. Ал талапкерлер тизменин алдыңкы сабына катталыш үчүн партияга миллион долларга чейин акча бергенин айтты. Үгүтчүлөргө да эбегейсиз акча төлөнгөнүн айтып, бул ачык паракорлук экенин белгиледи.

Мындай пикирин ал 17-октябрда парламенттик шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллион сомго чейин азайтуу жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча Бишкекте өткөн талкууда билдирди:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Мен жүргөн партияга абдан көп үгүтчүлөрдү алып, аларга акчаны айлык катары бердик. Мындайча айтканда пара берүүнү мыйзамдаштырып койдук. Калп айтканда эмне, Бишкектен эле 12 миңдей үгүтчү алдык. Алардын баары кандай иштегени түшүнүктүү да. Биз шайлоодо алардын санын чектесек, бардык партияларга бирдей шарт түзүлөт».

Маматалиев үгүтчүлөргө 15 миңден 25 миң сомго чейин акы төлөнгөнүн белгилеген.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров Маматалиевдин бул айткандарын партияга байланыштырууну туура эмес деп эсептейт.

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

«Ал өзү жеке талапкер катары жана партиянын Бишкек шаарындагы координатору катары жеке пикирин айтты. Демек, ал өзү айткан маселелердин жаралышына, үгүтчүлөрдү көп алууга жол берген», - деди ал.

Ушул жерде арифметикага кайрылабыз. Эгер Бишкек шаарында «Мекеним Кыргызстан» партиясына иштеген 12 миң үгүтчүгө 15 миң сомдон акы берилген болсо 180 миллион сом , ал эми 25 миң сомдон төлөнсө, анда 300 миллион сом баш калаадагы эле үгүтчүлөрдүн иш акысына коротулган.

Боршайкомдун 25-сентябрындагы эсебинде болсо, «Мекеним Кыргызстандын» жалпы шайлоо фондунда 118 миллион 128 миң 742 сом болгону, анын 116 миллион сомдон ашууну сарпталганы көрсөтүлгөн.

Калыптанып калган мыйзам бузуу

Саясат талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаев үгүтчү жалдоо 2015-жылкы парламенттик шайлоодон баштап добуш сатып алуунун реалдуу формасына айланганын белгилейт. Анын байкоосунда бул ирет жалаң эле «Мекеним Кыргызстан» эмес, бөлөк партиялар да Бишкек шаарында жана башка шаар-кыштактарда да үгүтчүлөргө 15-20 миң сомдон акы төлөштү.

Чолпонбек Сыдыкбаев.
Чолпонбек Сыдыкбаев.

«Тилекке каршы, үгүтчү институтун деградация кылып, ыплас технологияга айландырып алдык, - деди ал. - Акча шайлоо фондунан төлөнбөсө да, талапкерлер өздөрү демилге кылып, өзү катталган аймактан аз добуш алып, уят болуп калбайын деп, ошондой ыкмаларды жасашты» .

Юрист Атыр Абдрахматова мындай учурда Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) чечкиндүү кадамдар зарыл болорун билдирди:

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

«Шайлоо мыйзамы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы кайсы талапкерлердин иш-аракеттери мыйзам бузууга алып келгенин такташ керек. Муну укук коргоо органдарына түртүп коюп, унчукпай отурушат».

4-октябрда болгон парламенттик шайлоого 16 партия ат салышып, жалпысынан үгүт өнөктүгүнө 557 миллион сомдон ашуун каражат сарпташты. Эң акчалуу партиялардын башкы сабында «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары болушкан. Андан ары «Ата Мекен», «Бир Бол» жана башка партиялар турушат.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо да бийликтин талапкери болуп саналган Сооронбай Жээнбеков үгүткө расмий көрсөтүлгөн акчадан көп сумма короткону тууралуу маалыматтар чыккан. Бул Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси бузулган учурга туш келген.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесин жарыялаган. Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун шайлоо штабы расмий түрдө БШКга билдиргендей 158 096 175 сом эмес, бир миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну «фейк маалымат» деп мүнөздөгөн.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы «көмүскө касса» жөнүндө тергөөгө чейинки текшерүү да жүргүзгөн, бирок анын жыйынтыгы кандай болгону белгисиз.

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG