Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Шайлоо босогосу: чекти түшүрүү аракети


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети шайлоо мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү келерки отурумда экинчи-үчүнчү окууда дароо чогуу караганы турат. Анда шайлоо босогосун түшүрүү, күрөөнү азайтуу жана №2 форма аркылуу каттоо ыкмасын жоюу каралган. Буга байланыштуу парламенттин ичинде чатак да чыккан, анын сыртында талкуу да өтүүдө.

Жалпы жыйынга чыгаруу

Ошентип шайлоо боюнча оюн эрежелерин жеңилдетүүнү талап кылып жаткандардын үмүтү жанып, иш ордунан жылгандай болду.

Жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде биринчи окуудан өтүп, кийинки окууга жөнөтүлдү.

Долбоордун авторлорунун бири, аталган комитеттин мүчөсү, "Бир Бол" партиясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов «Азаттыкка» буларды билдирди.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Азырынча ошол үч норма гана кирди. Шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллион сомго чейин азайтуу жана №2 форма тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу. Өзүңөр билгендей, 16-октябрда бул боюнча мыйзам долбоору комитетте биринчи окуудан кабыл алынды. Жалпы палатага чыгарылганда, экинчи-үчүнчү окуудан бир эле карап, бүтүрүп койсок болот. Мен билгенден сессия экинчи күнгө – шейшембиге чакырылган. Жалпы палатада каралгандан кийин, кайра комитеттен да каралат. Албетте, депутаттар колдосо. Бирок байкашымча, депутаттар өткөндөгү митингчилердин, элдин талабы ушундай болуп жатканын түшүнгөнсүдү. Босогону 3% түшүрбөсөк, шайлоо өткөрүүнүн деле кажети жок экенин аңдагандай болушту».

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайызга, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн. Бул демилге анда партиялардын ирилешүүсүнө алып келет деп айтылган.

Бир-эки жылдан берки катуу талаш-тартыштардан улам ал босого чек кайра быйыл кайра 7% түшүрүлгөн. Бир катар депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору парламентте кабыл алынып, ага ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда кол койгон.

Ошо эле учурда босого чекти 5% түшүрүү тууралуу депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешев сунуштаган мыйзам долбоору көңүл сыртында калып кеткен.

Маселенин баары 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгынан кийин чыкты. Башкача айтканда, анда жарышка катышкан 16 партиянын төртөө гана босого чекти басып өткөн. Ал массалык нааразылыктарга жана элдик толкундоого алып келип, 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат менен парламенттин имараты – Ак үй талкаланды. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды, өлкө саясий кризиске кептелди.

Андан кийин бийлик башына келген Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоо жана президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн караган парламент жыйындарында да аталган темалар кызуу кеп болуп жатты.

Ал тургай 14-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков менен депутат Алтынбек Сулайманов ушул маселеге байланыштуу чырдаша кеткен.

Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы кезексиз жыйынында «Ата Мекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев да шайлоо босогосу боюнча эрежени өзгөртүш керек экенин белгилеп, үч пайыздык чекти колдогон. Шайлоодо «Биримдик» партиясынан чыккан депутат Төрөбай Зулпукаров болсо мурда чекти 11% көтөрүүнү жактаганын, бирок оюнан кайтып, ал да 3% ыктап жатканын билдирген.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы кезексиз жыйынында өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров азыркы жети пайыздык чекке каршы экенин айткан.

«Үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат го, беш пайызга түшүрсөк болот. Беш миллиондук күрөөнү бир миллионго түшүрсөңөр деген сунушум бар. 120 деген санды 70-90го түшүрүп, андан кийин конституциялык реформага барсак туура болот», - деген ал.

Талаш-тартыштар уланууда

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга кеп болуп жаткан үч норма боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү темасы парламенттин сыртында да кызуу талкууланып жатат.

17-октябрда Бишкекте жарандык активисттер жана эл өкүлдөрү катышкан эки жыйын өттү. Ага катышкандар да шайлоодо күрөөнү азайтууну, №2 форма боюнча катталуу тартибин жоюуну, босого чекти төмөндөтүүнү талап кылышты. Алар босогону 3% эмес, 1 пайызга чейин түшүрүү зарылдыгын белгилешти.

Активисттердин бири Мирсулжан Намазалы буларга токтолду:

Мирсулжан Намазалы.
Мирсулжан Намазалы.

«Мисалы, ошол эле Швецияда, же башка өлкөлөрдө деле кичинекей партиялар деле 300 орундуу парламентте 1 мандат алып кошулган учурлары бар. Менин оюмча, бул жакшы нерсе. Кайсы бир учурларда фракциялар башкарып калганда, борбордоштурулган система түзүлүп калганда, ошол бир депутат эркин депутаттын ролун ойноп, өнүгүүгө өз салымын кошо алат. Ошон үчүн 1 пайыздык босого өлкө жарандарынын ар биринин кызыкчылыктары парламентте камтылышы үчүн абдан керек деп ойлойбуз», - деди ал.

Жыйынга катышкан депутат Марлен Маматалиев бул ойго көп кошулган жок. Ал босогону түшүрүүнү жактап, бирок 1% коркунучтуу болуп каларын айтты. Ал соңку шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон эле.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Чынын айтайын, 1 пайыздык босого чектен бир аз коркунуч бар. Анткени 1% коюп койсок, ар кандай күчтөр жеңил келип алууга шарт түзүлөт. Бул деген 20 миң добуш. Бир эле район өзүнүн партиясын түзүп, кайсы бир топтор келип алышы мүмкүн. А 3% болгондо бул 60 миңдей добуш болот экен. Ушул нормалдуу болот деп эсептейм».

Демек жалпы жонунан депутаттар шайлоодогу босого чекти түшүрүүнү жактап жатканы көрүнөт. Бирок аны беш пайызга түшүрөбү же үч пайызга түшүрөбү деген суроо гана калды.

Саясий талдоочу Азамат Темиркулов бул жагынан алганда эл өкүлдөрү Садыр Жапаровго ыктап, 5% келиши мүмкүн деп эсептейт.

Азамат Темиркулов.
Азамат Темиркулов.

«4-октябрдагы шайлоо жана 5-октябрда болгон элдик толкундоо бул ошол саясий партиялар аркылуу шайлоо системасын жокко чыгарды. Эми булар босого чекти төмөндөтсөк, күрөөнү азайтсак партиялык система иштеп кетет деп ишенип жатышат. Бирок бул - иллюзия. Бул система Кыргызстанда эч качан иштебейт. Анткени бизде чыныгы саясий партиялар жок, болгон да эмес. Мунун баары - жалган партия, шайлоонун алдында түзүлө калган топтор. Керек болсо бири-бирин тааныбаган кишилер да, эптеп парламентке өтүү үчүн чогула калышат да, касса түзүшөт да, акча менен шайлоого бара беришет. Ошону үчүн босого төмөндөйбү, төмөндөбөйбү кайра эле ушул акыбалга келип такалабыз. Добуш сатып алуу, ар кандай махинация жана башка көрүнүштөр болот. Ошентсе да, эгер боолголосок, 3% дешкени менен Садыр Жапаров айткан 5% келип токтошу мүмкүн. Мындайга кабылбаш үчүн кийин баары бир Конституциялык реформага барып, эки палаталуу парламентке өтүшүбүз керек. Анда ошол мыйзам чыгаруу жана эл өкүлдөр палатасы, башкача айтканда аралаш системасы бизге ылайыктуу болот деп эсептейм».

Борбордук шайлоо комиссиясы 17-октябрда билдирүү таратып, Жогорку Кеңешке шайлоо дайындалганга чейин парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун жана күрөөнү түшүрүү, №2 форма тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү кыска мөөнөттө карап чыгууну сунуш кылды.

БШК ошондой эле парламенттик шайлоодон кийин добуш берүүнүн жыйынтыгын 2020-жылдын ичинде чыгарып жетишүү үчүн шайлоону 20-декабрга белгилөө сунушун билдирди. Так күндү парламент бекитиши керек.

Айтмакчы, реформачы жаштардын өкүлдөрү партиялык тизменин ичинен эле артыкчылык берүү (преференциялык добуш берүү) ыкмасы менен депутаттыкка талапкерлерди иргөө ыкмасын да сунушташкан, бирок бул сунуш, люстрация сунушу сыяктуу эле, алдыдагы Кыргызстандын Жогорку Кеңешин кайра шайлоо жүрүмү үчүн талкууга алынбай тургандай көрүнөт. Бирок азыркы өткөөл маал - Кыргызстанда окуялар космостук ылдамдык менен өнүгүп жаткан учур.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG