Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Зилалиевдин банк уячасын ким ачкан?


Дүйшөнбек Зилалиев кармалгандан кийин.
Дүйшөнбек Зилалиев кармалгандан кийин.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени айтылган акча банктын уячасынан алынып жаткан видео былтыр тартылганы белгилүү болду. Бул боюнча “Оптима Банк” билдирүү таратып, ал тасманы банктын кызматкерлери тартканын жарыялады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 11-декабрда Дүйшөнбек Зилалиевдин банк уячасынан 889 900 доллар алынганы тартылган үч жарым мүнөттүк видеону тараткан. Тасманын башына атайын кызматтын эн белгиси коюлган. Анда бети жашырылган кыз банк уячасынан акча алып, аны санап атайын капка салганын көрүүгө болот. Айрым массалык маалымат каражаттары ал тасманы “Чекисттер Зилалиевдин банктагы 900 миң долларын чыгарган видео” деп жазып чыгышкан.

Бирок видеону УКМК эмес, “Оптима Банктын” кызматкерлери былтыр жайында эле тартканы белгилүү болду. Бул боюнча аталган банк 12-декабрда билдирүү таратты. Банк ал тасма кардардын өзүнө гана берилгенин, анын Интернетке тарап кеткенине тиешеси жок экенин билдирди. “Оптима Банктын” өкүлү Бакай Кадыров Зилалиевдин банктагы уячасы эмнеге ачылганын айтып берди.

- Ижарасы төлөнбөгөн жана убактысы бүткөн банк уячасын бошотушубуз керек. Биз уячанын ичин бошотуп жатканда аны видеого тартып, эмне чыкты, канча каражат чыкты - баарын жазып туруп атайын башка капка салып, кардарды чакырып өткөрүп беребиз. “Келишим бүтүп жатат, уячадагы сактаган нерсеңизди алып кетиңиз” деп кабарладык. Бирок кардар келген жок. Ошондуктан биз уячаны бошотуп, аны видеого тартып, андагы бардык нерсени кардардын өзүнө өткөрүп беребиз.

Видеодо капты бекитип жатканда андагы кагазда 2017-жылдын 15-августу көрсөтүлгөн. Ошол учурда Зилалиев вице-премьер-министр болуп турган. “Оптима Банк” Улуттук банктын жобосуна ылайык банк кызматкерлери уячаны ачып, андагы каражаттарды алып ээсине беришкенин, банкта кардарлардын кызыкчылыктары так сакталганын билдирди.

Ал эми атайын кызмат тасма ким тарабынан, качан, кайсы банкта тартылганын тергөөнүн кызыкчылыгына шылтап, кенен маалымат берген жок. УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Максат Эсенбаев өздөрү тараткан тасма тууралуу буларды айтуу менен чектелди:

Максат Эсенбаев.
Максат Эсенбаев.

- “Оптима Банкпы” же башка банк болобу, ал жагына басым жасабашыбыз керек. Себеби, банктык купуя сыр деген нерсе бар. Аны тергөөчүлөр да, массалык маалымат каражаттары да билиши керек. Анткени ар бир банктын беделине, кийинки ишине сөз тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан биз, тергөө тарап “Оптима Банк” деп айта албайбыз. Качан тергөө бүткөндөн кийин баары ачыкка чыгат. Ар бир айыпкер өзүнүн мыйзамсыз аракетин жаап-жашырыш үчүнбү же өзүн “айыпкер эмесмин” деп өз далилдерин келтирүүгө укуктуу. Муну тергөө өзү көрсөтөт. Ошондуктан алдын-ала маалымат берүү эрте.

УКМКнын маалыматы боюнча Дүйшөнбек Зилалиев мамлекеттик кызматта иштеп турган учурдан 2018-жылдын сентябрь айына чейин коммерциялык банкта 889 900 доллар сактап келген. Ал банкта сактаган ири суммадагы каражатынын булагын декларацияда көрсөткөн эмес.

Зилалиевдин жактоочусу Учкун Каримов анын мүлкүн үй-бүлөсү чогулткан байлык катары сыпаттап, чуулуу тасма тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

- Жакшы карабайсыңарбы, уячаны банк ачкан. Видеодо кыздар, кассир жүрөт. Бул видеону банк берген. Зилалиев “атамдын малы бар болчу” дейт. “Бул ошол үй-бүлөмдүн чогулткан акчасы” деп айтып жүргөн. Алардын малы, үйлөрү, машинеси болгон. Эми кыргыздарда ошол да, үй сатат, мал сатат.

Зилалиевдин банктагы уячасынан акча алынып жатканда тартылган тасма коомчулуктун талкуусуна түштү. Экономика илимдеринин доктору, профессор Чолпон Алкадырова банк уячаларынын купуялуулугу тууралуу мыйзамга көңүл бурду:

- Мыйзам боюнча банк уячаларынын ичинде эмне сакталганын анын ээси гана билиши керек. Керек болсо банктын кызматкерлери, жетекчилери да билбеши керек. Бирок дагы бир мыйзам боюнча УКМК ар кандай жашыруун маалыматтарды ала алат. Кайсы бир иштерди иликтеш үчүн аларга уруксат берилет. Бул да мыйзамга каршы келбейт. Бирок азыр УКМК колуна тийген материалды ачыкка чыгарып жиберип, туура эмес иш кылды.

Юрист Канатбек Азиз Зилалиевдин банк уячасына байланышкан тасма элдин банктарга болгон ишенимин жоготту деп эсептейт.

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

- Эми аткаминерлер болобу, жөнөкөй жарандар болобу, Кыргызстандын банктарына эч нерсе сактабайт, - деди юрист. - Булар мына ушуга жеткирди. Мисалы, эгер мен банк уячама бир нерсе сала турган болсом, банктын кызматкерлери ал бөлмөдө турбайт, сыртка чыгып кетишет. “Эмне салып атасың, эмне алып жатасың - эч ким билбеши керек. Бул окуя Кыргызстандын банктарынын тажрыйбасынын жоктугун көрсөттү. Эми аткаминерлер бардык нерсесин чет өлкөлөрдөгү банктарда сактоого аракет кылышат. Бул жаман прецедент болуп калды.

УКМК сөз болуп жаткан видеого чейин 10-декабрда Дүйшөнбек Зилалиевдин Бишкектеги үйүн тинткен дагы бир беш мүнөттүк видеону жарыялаган. Анда Зилалиевдин квартирасынан 2 млн. 900 миң сом жана 100 миң доллар табылганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле шаардагы бир катар мүлкү, 400 миң долларга бааланган курулушу бүтө элек үйү тартылган.

Дүйшөнбек Зилалиев 9-декабрда УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10 беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголгон.

УКМК Зилалиевдин үйүн тинтти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG