Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Дача СУ кырсыгы: жообу жок суроолор


Дача СУнун сыры ачыла элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:19 0:00

Дача СУнун сыры ачыла элек

Дача СУ конушундагы кырсыкка төрт жыл болду.

Мындан туура төрт жыл мурун, 2017-жылдын 16-январда эртең мененки 07:17де «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна «Boeing-747-412F» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Учакта экипаждын төрт мүчөсү жана 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Түркиялык «АСТ Airlines» компаниясына таандык «Boeing» аэропорттун учуу тилкесине коно албай экинчи айлампага көтөрүлүп бараткан учурда калктуу конуштун үстүнө кулаган. Каргашада тынч уйкуда жаткан 35 тургун жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү курман болгон. Учкучтар түрк жарандары эле.

Учак кулаганда 36 адам жаракат алып, Дача СУдагы 39 имарат жараксыз абалга келген. Кырсыктын курмандыктарынын 17си балдар болгон. Өмүрү кыйылган тургундардын эң улуусу 58 жашта, эң кичүүсү бир жаштагы ымыркай эле. Бул апаатта бүтүндөй үй-бүлө жок болгон.

«АСТ Airlines» компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан. Расмий маалыматка таянсак, учак Бишкектеги «Манас» аэропортуна экипажды алмаштырып, күйүүчү май куйганы конмок. Каргашанын биринчи күнүнөн тартып эле кырсыктын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруу учурундагы аракеттер боюнча күмөндүү суроолор жаралып, азыркы күнгө чейин жоопсуз калып келет. Анда кеп кезеги менен болсун.

Кырсыкка эмне себеп болгон?

2017-жылы учак кырсыгынан кийин Мамлекет аралык авиациялык комитет иликтөө баштаган. Дээрлик үч жылдан ашык жүргөн иликтөөнүн жыйынтыгы былтыр февраль айында гана жарыяланды. Авациялык комитеттин отчётунда кырсык учкучтардын катасынан улам болгону айтылган.

««Boeing 747-412F TC-MCL» учагы түн ичинде ИКАОнун CAT II жобосуна туура келген метеорологиялык шарттарда автоматтык конууга баратканда экипаж глиссадага карата учактын абалына көзөмөл кылган эмес. Анын айынан белгиленген конуу тилкесине кирүү схемасынан кыйла оолактап кетип, экинчи айлампага чыгууда чара көрүлгөн эмес. Бул активдүү учуу-конуу тилкесинин чыгыш чегинен болжол менен 930 метр аралыкта жер менен кагылышууга алып келген» - деп айтылат отчётто.

Мындан сырткары кырсыкка кошумча факторлор катары:

• Учкучтардын «Манас» аэропортунун шартында учууга алдын-ала жетиштүү даярдык көрбөгөнү,

• Конуу учурунда татаал жагдайдан улам экипаж мүчөлөрү психикалык-эмоциалдык жактан өздөрүн кармай албай калганы.

• Учак тиешелүү тилкеден чыгып баратканда көзөмөл талаптарын аткаруу боюнча диспетчердин ишинде технологиянын жок болушу деген сыяктуу бир нече жагдай көрсөтүлгөн.

Мамлекет аралык комитеттин отчётунда учактын экипажы жердеги диспетчер менен сүйлөшкөндө кыжырланганы, учак конгону баратканда глиссадалык көрсөткүчтөрдү туура эмес аныктап алганы боюнча кеңири маалымат камтылган.

Ал эми Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы Жазык кодексинин 280-беренесинин («Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу») 3-бөлүгү менен иш козгоп, кийин ал токтотулган.

Учактагы сырдуу жүктүн ээси ким?

Учак кулаган күндөн тартып эле дал ушул суроо коомчулуктун тынчын алган. Расмий түрдө «Бoингде» турмуш-тиричиликке керектелчү техника, чөнтөк телефондор жана алардын жабдыктары болгону көрсөтүлгөн. Алар карго катары Кыргызстанга эмес, Стамбулга ташылып баратканы айтылган. Кыргызстандын УКМКсы жүктүн эки тоннага жакыны «электр оттуктар» экенин, алар «JTI Kazakhstan LLC» компаниясынын буюртмасы менен Стамбулдан Бишкекке жеткирилмек болгонун кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык учактагы жүк оболу Стамбулга барып, анан кайра Бишкекке жеткирилмек.

Бирок бул маалымат кыргыз коомчулугун ынандырган эмес. Кулаган учактагы жүктүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалар табылганы да көптөгөн суроолорду жараткан.

Бул боюнча өкмөттүк жана депутаттык комиссия иштеп, бирок иликтөөнүн жыйынтыгы ачык жарыяланган эмес.

Каргашалуу учактагы жүк саясий өңүт алып, талаш-тартышка жем таштаган. Оппозиция жана коомчулуктун айрым өкүлдөрү жүктү ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө байланыштырып, иш сотко чейин жеткен. Атамбаевдин кырсык болгон жерге барбаганы элдин шектенүүсүн күчөткөн.

Бирок мурдагы президент Атамбаев кийин «Апрель» каналына курган маегинде минтип айткан жайы бар.

«Албетте бул ушак, болгондо да эң жаман ушак. Эгер ошол жерде Атамбаевдердин бир грамм жүгү болсо чыкмак да. Биринчиден, ал түрк учагы болчу. Түрк НАТОнун мүчөсү. Ал кезде түрктөр мага таарынып аткан. Мына бир жылдан бери азыркы бийлик, Жээнбековдор мага каршы бирдеме болсо чукуп чыкмак да».

2019-жылы Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси начарлап турган кезде иш кайра жандандырылып, тергеле баштаган. Бирок тергөө эмне менен аяктаганы алигиче белгисиз.

Кырсык болгондо кулаган учактан уюк телефондорду алып алышкан деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине да кылмыш иши козголгон.

Дача СУга кандай жардам көрсөтүлгөн?

Кырсык болгон учурда катардагы калайык, ыктыярчылар каргашада жакынын жоготкондорго, жабыр тарткандарга жабыла жардам көрсөткөн. Миңдеген кыргызстандыктар ошол күндөрү колунан келген жардамын чогулткан. Элден 102 миллион сомдон ашуун акча топтолгон. Андан кырсыктан жабыркагандарга таратылып берилген.

Кырсыктын кесепетин жоюуга жарандар жапырт катышып, жарандык коом активдүүлүгүн көрсөткөн. Кыйын кырдаалда демилгени ыктыярчылар колго алары ошондо көрүнүп, 2020-жылдагы пандемия учурунда да далилденди.

Мындан сырткары кулаган учакка ээлик кылган түрктөрдүн «ACT Airlines» компаниясы кырсыктан жабыркагандардын жакындарына кенемте төлөп берген. Жабыркагандардын суранычы менен кимге канча акча төлөнгөнү купуя сыр бойдон калган.

Дача СУнун сабактары...

Дача СУдагы кырсыктан кийин «Манас» аэропортунун айланасындагы калктуу конуштардын маселеси көтөрүлгөн. Муну кырсыкты иликтеген Мамлекет аралык авиациялык комитет да белгилеп, аба майданынын тегерегиндеги курулуштарды көзөмөлгө алууну сунуш кылган. Бирок аэропорттун аймагына канаатташ конуштар азаймак турсун жайылып баратат.

Дача СУнун тургундары конушка айыл макамын берип, аны мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүп келет.

Белгилей кетсек, үрөй учурган авиакырсыктан бери төрт жыл өтсө да коомчулук жообун издеген бир нече суроо бар:

  1. Кулаган учактагы жүктүн ээси же ээлери ким?
  2. Кандуу жүк мыйзамдуу жол менен ташылып келгенби?
  3. Депутаттык комиссиянын иши, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктады?
  4. Аэропортту курчаган калктуу конуштардын маселеси качан чечилет?
Дача СУ: Уйку бербеген учак, унутулган убада
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:04 0:00

XS
SM
MD
LG