Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Юристтерге коюлган доо, Атамбаевдин шарты


Юристтер Канатбек Азиз, Таалайгүл Токтакунова жана экс-президент Алмазбек Атамбаев.
Юристтер Канатбек Азиз, Таалайгүл Токтакунова жана экс-президент Алмазбек Атамбаев.

«Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова алардын ишиндеги жаңы жагдайларга байланыштуу Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Башкы прокуратура 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «кадыр-баркына шек келтирди» деп сотко арызданып, юристтерди 10 млн. сомдук айыпка жыккан.

Доого жыгылган юристтер эми Конституциялык палата былтыр кабыл алган «башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугу болмоюнча коргой албайт» деген чечимге таянып, ишти кайра кароону сунуш кылышууда.

Алмазбек Атамбаевдин соттогу өкүлүнүн өтүнүчү менен Бишкек шаардык соту Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын ишин кароону 13-февралга жылдырды.

Юрист Канатбек Азиз шаардык сотко берилген арыздын маани-маңызы боюнча буларга токтолду:

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

- Конституциялык палатанын «башкы прокурор президенттин макулдугу болмоюнча доонун көлөмүн аныктай албайт, сотко арыз бере албайт. Бул Конституцияга карама-каршы келет» деген чечими чыкты. Ушундан улам жаңы жагдай ачылды. Биз ошондуктан биринчи чечимди кабыл алган Бишкектин Октябрь райондук сотуна «бул ишти токтоткула» деп кайрылдык. Мыйзам боюнча райондук сот ишти токтотушу керек болчу. Бирок алар «канааттандыруусуз калтырылсын» деп арызыбызды караган жок. Биз «райондук соттун бул чечимин жокко чыгарып бергиле» деп Бишкек шаардык сотуна кайрылдык. Эгер арызыбыз канааттандырылса биз кайра Октябрь райондук сотуна барабыз.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы былтыр 17-октябрда «башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугу болмоюнча коргой албайт» деген чечим кабыл алган. Ага ылайык, «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 4-беренеси Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табылган.

«Адилет» укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова соттор Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын иши боюнча Конституциялык палатанын бүтүмүн эске алат деп ишенип турат.

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

- Конституциялык палатанын чечиминде «доо арыз жана анын суммасы президент менен кеңешип чечилиши керек» деп даана көрсөтүлүп турат, - дейт ал. - Бул сотторго эми түшүнүктүү болду. Ал эми мурда судьялар толугу менен Атамбаевдин көрсөтмөсү аркылуу иштешкен. Соттор азыр Конституциялык палатанын чечиминен кийин кантип көз жуумп коюшат, билбейм. Мен Атамбаев материалдык доосун кайра артка чакыртып алат деген үмүттөмүн. Бул бардык тараптарга оңтойлуу чечим болмок.

2017-жылдын март айында Токтакунова менен Канатбек Азиз Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача-СУ айылына кулаган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар» деген маалымат тараткан.

Ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева ал кездеги «президент Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди» деп, Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген. Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, алардан Атамбаевдин пайдасына 10 миллион сом өндүрүп берүү тууралуу чечим чыгарган.

Таалайгүл Токтакунова мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко өзү келип, чындыгын далилдеш керек деп эсептейт.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

- Үй-бүлөнү, балдарды багыш керек, - деди ал. - Бирок мен «айлыгымды алып атат, экс-президент жаман экен» деп айткым келген жок. Анткени чындык үчүн күрөшө беребиз. Эгерде Атамбаев сотко келип өзүнүн чындыгын далилдеп берсе, бул башка маселе. Бирок Башкы прокуратуранын же дагы башка адамдардын артына жашынып алып эле алыстан кыйкыра берген - ал башка. Мага керек акча Атамбаевге да керек болуп жатса - анда мыйзамдын чегинде көрөбүз.

Атамбаевге материалдык доону өндүрүп бериш үчүн эки юристтин айлыгы түшчү банктагы эсеби жабылган. Алардын маалыматына караганда, банкта Канатбек Азиздин 204 миң сому, Токтакунованын 167 миң сому турат. Ошол эле учурда Токтакунованын үч автоунаасы, Бишкектеги эки үйү менен эки жер тилкеси камакка алынган. Сот департаменти камакка алынган мүлк менен каражат тууралуу маалымат бере элек.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин эсебине азырынча бир да тыйын түшө элек экенин айтып, Атамбаевдин доодон баш тартышынын шартына токтолду:

- Мен экс-президент менен сүйлөшкөм. Эгер юристтер туура эмес маалымат таратканын моюнга алып, айтылган маалыматты ачык четке какса, анда Алмазбек Шаршенович доодон баш тартууга даяр. Бирок андай болгон жок. Алар «банктагы эсебибизден Алмазбек Атамбаевдин эсебине акча которулду» деп айтып жатышат. Азыр Алмазбек Атамбаевдин эсебине акча түшө элек. Юристтерден өндүрүлө турган акча «Апрель» кайрымдуулук фондуна которулуп, жардамга муктаждарга жумшалат.

Башкы прокуратура «Ата Мекендин» юристтеринин Дача-СУга кулаган жүк боюнча басма сөз жыйынын чагылдырган «Азаттык Медиа» мекемеси менен мурунку «Zanoza.kg», азыркы «Кактус Медиа» каражатын да сотко берген.

2017-жылдын жайында ал кездеги президент Атамбаевдин сунушу менен сот «Азаттыктын» банк эсептерине коюлган чектөөнү алып салган. Андан бир жыл өткөндөн кийин Атамбаев «Zanoza.kg» маалымат каражатына болгон доосунан да баш тарткан.

Бирок азыр сот Токтакунова менен Канатбек Азиздин пайдасына чечим чыгарарына үмүт артпагандар да бар. Эгер сот юристтерге карата соттун чечимин жокко чыгарса, Башкы прокуратуранын Атамбаевдин кадыр-баркын коргоп буга чейин берген арызы суроо жаратат.

Жарандык активист Адил Турдукулов учурдагы абал боюнча төмөнкүдөй оюн бөлүштү:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Саясий конъюнктура өзгөргөндөн кийин соттук чечимдер да адилеттүү болот го деген ишеним бар. Бирок Конституциялык палатанын чечими кийин чыккан. Ошондуктан «мыйзам кайра артка иштебейт» деген жүйө менен иш каралбай калышы мүмкүн. Бул жерде кайрадан эле Текебаев чоң роль ойноп калышы ыктымал. Экс-президент Роза Отунбаеванын Текебаевди камактан чыгаруу боюнча кайрылуусу аны алты фракциянын жетекчилери колдогонуна карабастан эч себепсиз каралган жок. Текебаевдин иши боюнча иликтөө жүргүзгөн УКМКнын кызматкерлери, соттор эч кандай жоопкерчилик тарткан жок. Ошондуктан юристтерге да сот чечими адилеттүү эмес чыгып калышы мүмкүн деген коркунуч бар.

Башкы прокуратура Атамбаев президенттик мөөнөтүндө анын аброюн коргоп соттон «Zanoza.kg» сайтынан 27 миллион сом утуп алган. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер: Нарын Айып 9 миллион, Дина Маслова 3 миллион, «Адилет» укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Кийин Атамбаев материалдык доосунан толук баш тарткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG