Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

КСДП өкүлү Атамбаев юристтерге койгон дооcунан кандай шартта баш тартарын айтты


КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президенттин эсебине азырынча бир тыйын түшө электигин айтып, Атамбаевдин доодон баш тартуу шартын “Азаттыкка” билдирди.

- Доодон баш тартуу боюнча мен экс-президент менен сүйлөшкөм. Эгер ал юристтер туура эмес маалымат таратканын моюнуна алып, айтылган маалыматты ачык четке какса, анда Алмазбек Шаршенович доодон баш тартууга даяр. Бирок андай болгон жок. Алар “банктагы эсебибизден Алмазбек Атамбаевдин эсебине акча которулду” деп айтып жатышат. Азыр Алмазбек Атамбаевдин эсебине акча түшө элек. Юристтерден өндүрүлчү акча “Апрель” фондуна которулат.

22-январда “Ата Мекен” партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова жаңы жагдайларга байланыштуу Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Алмазбек Атамбаевдин соттогу өкүлүнүн өтүнүчү менен Бишкек шаардык соту Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын ишин кароону 13-февралга жылдырды.

2017-жылдын март айында Токтакунова менен Канатбек Азиз Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, "Дача СУ айылына кулаган учактагы жүктүн президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар" деген маалымат тараткан. Бул маалыматтан кийин ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева "президенттин кадыр-баркына шек келтирди" деп, Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген. Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, алардан Атамбаевдин пайдасына 10 миллион сом өндүрүп берүү чечимин чыгарган.

Доого жыгылган юристтер эми Конституциялык палатанын 2018-жылы кабыл алган "башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугусуз коргой албайт" деген чечимине таянып, ишти кайра кароону сунуштап жатышат. (Bto/TSh)

XS
SM
MD
LG