Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Дача-СУнун көйгөйү чечиле элек

Дача-СУ: кырсык өттү, көйгөй калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:05 0:00

Дача-СУ: кырсык өттү, көйгөй калды

Эки жыл мурда Дача-СУ конушуна учак кулагандан кийин аэропортко жакын үйлөрдү көчүрүү боюнча чакырыктар айтылган. Өкмөт бул маселени карап көрөрүн билдирген.

Эксперттер аэропортко танапташ турак үйлөрдүн болушу учуу-конуу коопсуздугуна терс таасирин тийгизерин айтып жатышат. Эки жыл мурда "Манас" аэропортунун жанында жайгашкан Дача-СУ конушуна учак кулагандан кийин адистер "аэропортту курчаган үйлөрдү тезинен көчүрүш керек" деген талап коюшкан.

Бирок ушул күнгө чейин кыйраган үйлөрдүн жашоочулары гана көчүрүлбөсө, Дача-СУда мурдагыдай эле жашоо өтүп жатат. ​Дача-СУдагы учак кырсыгынан кийин кандай сабак алынды жана эми эмнелерге көңүл буруу зарыл?

Конуштун тургуну Анарбек Абылгазиев жакындары учактар учуп-конгон сайын чочулап жатышканын айтып берди:

- Кооптуу жерден коопсуз аймакка көчүрүп койсо жакшы болмок. Өлкөбүздүн жараны катары 4 сотых жерди эмнеге аяшат? Таң каласың... Жер берилсе эле көчүп кетет элек. Кечээ күнү Иранга бараткан бир учак кулаптыр. Бизге куласа эмне болмок? Учак күндө эле төбөбүздөн учуп өтөт.

Дача-СУдагы бүгүнкү турмуш

Кандуу учакты эске салган эстелик. 
1/23 Кандуу учакты эске салган эстелик. 
Толук көрсөт Кыскарт
Эскерүү тактасынан жакындарынын атын издеген тургун. 
2/23 Эскерүү тактасынан жакындарынын атын издеген тургун. 
Толук көрсөт Кыскарт
3/23
Толук көрсөт Кыскарт
4/23
Толук көрсөт Кыскарт
Авиакырсык энелердин жүрөгүн азыркыга чейин өйүп келет. 
5/23 Авиакырсык энелердин жүрөгүн азыркыга чейин өйүп келет. 
Толук көрсөт Кыскарт
6/23
Толук көрсөт Кыскарт
7/23
Толук көрсөт Кыскарт
Бийлик өкүлдөрү Дача-СУ курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышты. 
8/23 Бийлик өкүлдөрү Дача-СУ курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышты. 
Толук көрсөт Кыскарт
Эскерүү иш-чарасы. 
9/23 Эскерүү иш-чарасы. 
Толук көрсөт Кыскарт
Куран окутууга даярдык. 
10/23 Куран окутууга даярдык. 
Толук көрсөт Кыскарт
Суу ташыган бала. 
11/23 Суу ташыган бала. 
Толук көрсөт Кыскарт
Кырсыктан кийин бийлик Дача-СУ айылына таза суу киргизүүгө аракет кылган, бирок азыркыга чейин майнап чыга элек. 
12/23 Кырсыктан кийин бийлик Дача-СУ айылына таза суу киргизүүгө аракет кылган, бирок азыркыга чейин майнап чыга элек. 
Толук көрсөт Кыскарт
Мектепке карай жол. Сол тараптагы дубалдын ары жагы учак кулаган жердин орду.
13/23 Мектепке карай жол. Сол тараптагы дубалдын ары жагы учак кулаган жердин орду.
Толук көрсөт Кыскарт
Айыл жолу - тургундардын негизги көйгөйлөрүнүн бири. 
14/23 Айыл жолу - тургундардын негизги көйгөйлөрүнүн бири. 
Толук көрсөт Кыскарт
15/23
Толук көрсөт Кыскарт
Тургундар сууну азыркыга чейин айылдын чекесинен ташышат.
16/23 Тургундар сууну азыркыга чейин айылдын чекесинен ташышат.
Толук көрсөт Кыскарт
Куран окутуу. 
17/23 Куран окутуу. 
Толук көрсөт Кыскарт
Жыл сайын 16-январда тургундар куран окуганы чогулушат. 
18/23 Жыл сайын 16-январда тургундар куран окуганы чогулушат. 
Толук көрсөт Кыскарт
Айыл турмушу өз нугунда. 
19/23 Айыл турмушу өз нугунда. 
Толук көрсөт Кыскарт
Жаш баланын батасы кабыл болот. 
20/23 Жаш баланын батасы кабыл болот. 
Толук көрсөт Кыскарт
Бүгүн иттин үргөнү угулбайт. 
21/23 Бүгүн иттин үргөнү угулбайт. 
Толук көрсөт Кыскарт
Жамандыкты жакшылык жеңет. 
22/23 Жамандыкты жакшылык жеңет. 
Толук көрсөт Кыскарт
Эки жыл мурун учак кулаган жердин бүгүнкү абалы. Бул жерде кырсыкка чейин үйлөр турган. 
23/23 Эки жыл мурун учак кулаган жердин бүгүнкү абалы. Бул жерде кырсыкка чейин үйлөр турган. 
Толук көрсөт Кыскарт
Артка
Алдыга

​
Дача-СУ конушунда 230дан ашуун үй болгон. Бул аймакта айрым үй-бүлөлөр батирде жашайт. Дача катары гана статусу бар конуштагы кээ бир үйлөргө "кызыл китеп" берилген эмес.

Кырсыктан кийин бийлик өкүлдөрү конушту толугу менен көчүрүүгө убада бербесе да, бул маселени карап көрөрүн билдиришкен.

Бирок биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов азыркы күнгө чейин чечим кабыл алынбаганын моюнга алды:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

​- Аэропорттун кызматы, авиакомпаниялар коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча иштерди алып барып жатат. Буга чейин деле мындай иштер жүрүп келген. Ал эми элди көчүрүү, конушка айыл статусун берүү боюнча чынын айтканда азырынча ... Эми комплекстүү түрдө каралышы керек.

Авиация тармагы боюнча эксперт, "Эйр Кыргызстан" компаниясынын директору Жолдош Бектурганов бул боюнча эртедир-кечтир чечим кабыл алуу зарыл экенин белгиледи:

- Мындай кырдаал жалгыз эле "Манаска" тиешелүү эмес. Өлкөдөгү бир топ аэропорттор ушундай абалда. Муну комплекстүү түрдө караш керек. Каражаттын жетишсиздигинен маселе чечилеби же чечилбейби, айта албайм. Экинчиден ошол жактагы тургундар да өз коопсуздугун карашы керек. Аэропортко өтө жакын жерге үй салып алгандар бар. Эртең ошондой кырсык кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Дача-СУдагы кырсыктан соң анын кесепетин жоюу боюнча иш алып барган адамдар учурда өкмөттү башкарып жатат. Тагыраагы, авиакырсыктын кесепетин жоюу боюнча комиссиянын төрагасы азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев болгон.

Ал кырсыкты жоюу боюнча иш алып барган өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов учурда биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев маселенин күңгөй-тескейин билген адамдар учурда чечим кабыл алуучу кызматта отурганын эске салып, бул жагынан ыкчам иш жүрүшү керек экенин билдирди:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

​- Кырсык болгон соң учакка ээлик кылган түрк компаниясынын өкүлү "жер бөлүп берсеңер, биз тургундарга үй куруп, эмерегине чейин алып беребиз" деп айткан. Ал жолугушууга парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары да катышкан. Кийин эле маселе көтөрүлбөй, жабырлануучулар "айтууну каалаган жок" деп жабылып калды. Мен Транспорт министрлигине кат жазып жооп ала алган жокмун. Мен "Эмне үчүн түрк компаниясынын эсебинен конуштагы айрым адамдарды көчүрө алган жокпуз?" деп кызыгып келем. Биз бул маселени эртели-кеч чечишибиз керек.

Нурбаев Жогорку Кеңеш сунуш кылып, 15-январда гана президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон "Ачык асман" долбоорун эске салды. Бул долбоордун алкагында "Манас" аэропортун өнүктүрүү, учак каттамдарын көбөйтүү каралган.

Депутат мындай долбоорду ишке ашырыш үчүн аэропортто болушунча коопсуз учуу-конуу шарттарын түзүү зарыл экенин кошумчалады.

2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба майданынын жанына кулап түшкөн.

Кырсыктын айынан аба майданынын жанындагы Дача-СУ айылынын 35 тургуну, андан тышкары учактагы төрт учкуч мерт болгон.

Ошол кезде айтылган маалыматтар боюнча, Түркияда катталган "MyCargo" компаниясына таандык “Боинг-747” үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча учкан.

Аны “Түрк аба жолдору” компаниясы жүк ташууга убактылуу жалдаган. Учак “Манас” аба майданынан күйүүчү май куюп, тыным алган соң кайра Стамбулга учууга тийиш болгон.

Кырсыкка учкучтардын катасы себеп болгону айтылган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Куржундар
​
XS
SM
MD
LG