Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:42

«Өндүрүү» өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коррупцияга каршы өнөктүктүн алкагында ачылган атайын эсепке түшкөн акчанын өлчөмү 1 млрд. 555 млн. сомду түздү.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык жана кызматтык кылмыштарды ачуунун натыйжасында эки айда 2 млрд. 700 млн. сом мамлекетке келтирилген зыян өндүрүлгөнүн жана мындан ары коррупционерлер уурдаган акча түгөнмөйүнчө анын өлчөмү 3 млрд. сомго чыгарын жарыялаган.

Коррупциялык, кызматтык жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу иштерди тергөө учурунда мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү кандай аныкталып жатканы суроо жаратууда.

Келтирилген зыяндын кенемтеси

УКМКнын басма сөз кызматы күн алыс эле коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланыштуу фактылар ачылып жатканын жарыялап жатат. Ошону менен бирге кылмыш ишинин фигуранттары мамлекетке келтирилген миллиондогон сом зыяндын ордун калыбына келтиргени тууралуу кабарларды байма-бай чыгарууда. Буга чейинки коррупцияга каршы күрөш жана экономикалык кылмыштар боюнча УКМК менен Финполдун алдындагы атайын эсептер жабылып, өндүрүлгөн акча Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына которула баштаган.

Министрликтин басма сөз катчысы экономикалык мунапыс боюнча атайын эсепке түшүп жаткан каражат тууралуу соңку маалыматтардан бөлүштү:

«Бизде ачылган экономикалык мунапыс боюнча эсепке 26-январга карата укук коргоо органдарынан 1 млрд. 484 млн. сомдон ашуун акча келип түштү. Жалпы эсепке түшкөн акчанын өлчөмү 1 млрд. 555 млн. сомдон ашат. Экономикалык мунапыс боюнча эсепке келип түшө турган акчанын үч негизги багыты каралган. Биринчиси - укук коргоо органдары кылмыш иштеринин алкагында өндүргөн акча. Матраимов төгүп берген акча каражаты да ошого кирет. Экинчиси - юридикалык жактардан келип түшкөн каражат. Үчүнчүсү - жеке тараптардан ыктыярдуу түрдө келип түшкөн каржылык салымдар».

Мына ушундай чыгымды өндүрүү фактыларынын эң эле соңкусу катары УКМК 26-январда «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы 11,7 млн. сом келтирилген зыянды төлөп берип, үй камагына чыкканын жарыялады. Анын учкай маалыматында мурдагы жетекчи кызматта иштеп турган кезиндеги мамлекеттик сатып алуудан акча өөнөп алып, казынага 11,7 млн. сом чыгым келтиргени көрсөтүлгөн. Бул иш Жазык кодексинин 205-беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергелип жаткан. Кылмышка шектүү Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына 14-февралга чейин камалган эле.

Мындан бир аз мурун Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин Түштүк-Батыш бажыканасында иштеген бир тууган иниси 1000 доллар пара менен кармалып, кийин 100 миң доллар төлөгөн соң үй камагына чыгарылганы жарыяланган. Ал Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүш үчүн жеке ишкерден акча талап кылганы үчүн кармалган.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев тергөөнүн зыяндын ордун төлөп берген кылмышка шектүүлөрдүн бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтөрүн Жазык-процессуалдык кодексте каралган мыйзамдуу жана натыйжалуу чечим деп белгиледи:

«Бул сотко чейинки териштирүү учурунда тергөө органдарына берилген ыйгарым укуктардын негизинде аларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдети жүктөлгөн. Тергөө органы ошол зыянды толугу менен өндүрүүгө багытталган иштерди алып барат. Мында келтирилген зыян толук өндүрүлдүбү же жарым-жартылайбы - иш сотко келип түшкөндө гана белгилүү болот. Тергөө маалында деле кылмыш иши боюнча аныкталган зыяндын өлчөмү жана өндүрүү жагы тууралуу кеңири маалымат берилип турса, коомчулукта азыркыдагыдай күмөндүү ойлор болмок эмес. Практикада кылмышка шектүү тараптан келтирилген зыян толугу менен өңдүрүлгөн же болбосо ал сотко чейин жарым-жартылай төлөп берген учурлар болот. Ошого жараша жоопкер тарап зыянды төгүп берүү боюнча кызматташууга барып, милдеттенме алса, анын бөгөт чарасын тандоону тергөөчү мыйзамга ылайык аныктап, сотко өтүнүч келтирет».

Чийилген чийимдер, өөнөлгөн өндүрүм

Ал эми Бишкек-Ош жолундагы коррупциялык схемага байланыштуу шек саналып, Финансы полициясы тарабынан кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев бюджетке 2,5 млн. сом төгүп берип, үй камагына чыкканы дайын болгон.

Эрмек Мамыркалиев Бишкек-Ош мамлекеттик жол дирекциясынын айрым кызматкерлери менен бирге коррупциялык схемага аралашкан деген айып менен 7-январда кармалган. Бул факт боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, министрликтин 30дан ашуун кызматкерине иш козголгон. Аталган коррупциялык схемадан мамлекет 20 млн. сом зыян тартканы айтылып, анын дээрлик бардыгы кайтарылганы айтылган. Бул иш Бишкек-Ош жолундагы тоннелдерди тейлөөчү «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттери аркылуу өткөн автоунаалардан алынчу акча жыйымдарына байланыштуу.

"Райым миллиондун" өкүл баласы миллионду кайдан тапты?
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:43 0:00

Андан мурун кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы боюнча кармалган Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурдагы башчысы Кылыч Саркарбаевдин туугандары зыяндын ордун толтуруш үчүн 1 млн. сом төккөнү кабарланган.

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов да 1 миллион 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды төлөп бергени үчүн үй камагына чыккан. Савай айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушу 1 млн. сомго ашыкча бааланып, сапатсыз бүткөнүнө карабай кабыл алынганы үчүн ал камакка алынган болчу. УКМК уюшкан кылмыш тобун түзүү фактысы боюнча да Мунарбек Сайпидинов күбө катары өтүп жатканын билдирген.

Ага чейин анын өкүл атасы, Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов да бажыдагы коррупцияга шектүү катары кармалып, бирок мамлекетке 2 млрд. сом төккөнү үчүн сот аны үй камагына чыгарган.

Башкы прокуратура Матраимовдун коррупциялык схемаларына катышы бар деп айыптаган Түштүк-Батыш жана Түндүк-Чыгыш бажыларынын башчылары Нурлан Ражабалиев менен Абдыбахаб Боронбаев тергөө менен кызматташууга кол коюп берип, үй камагына чыгышкан. Алардын бири 6 млн. сом, экинчиси болсо 8 млн. сом акча каражатын мамлекетке төлөп беришкен. Бул эки бажычы тең импортерлорго ыңгайлуу шарт түзгөн күңүрт схемалар менен иштеп, товарлардын наркын төмөн көргөзүп, анын кесепетинен мамлекет миллиондогон сом бажы жыйымдарынан куру калганы айтылган.

«Төктүрүү» планынын төркүнү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн эки айда мурдагы жана учурда иштеп жаткан аткаминерлер мамлекеттен өөнөп, уурдап келген акчаны өндүрүү он эсе көбөйгөнүн жана бул көрсөткүч жаңы жылдан кийин дагы жогору карай өсөрүн айткан болчу:

«Азыр биз ар бир аткаминерди, ар бир министрди, ар бир депутатты, ар бир сотту буга чейин тапшырган декларациялары боюнча текшерип чыгабыз. Ошентип ар бир аткаминер, ар бир министр өзүнүн берген декларациясында көрсөтүлгөн кирешесинен тышкары жашабашы керек. Азыр бул багытта жүрүп жаткан иштин натыйжасын айтып, бул кылмыш иштеринде мамлекетке келтирилген зыяндын ордун төлөтүү боюнча алгачкы оң жыйынтыктарды чыгарсак болот. Өткөн 2020-жылдын 10 айында келтирилген зыян боюнча 116 млн. сом гана өндүрүлсө, жыл аягындагы өткөн эки ай аралыгында 2 млрд. 700 млн сом төктүрдүк. Жыл аягына чейин аны биз үч миллиард сомго жеткиребиз. Ошентип эми жаңы жылдан баштап, аткаминерлер өз акчасына жашап калмайынча, коррупционерлердин уурдаган акчасы түгөнмөйүнчө ай сайын 3 миллиард сомдон чогултуп турабыз».

Анткен менен башка бир кылмыш укугу боюнча өз алдынча адис-юристтер коррупцияга, кызматтык жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу маселесин көтөрүштү. Анткени алардын айтымында, коррупцияга каршы күрөшүү өнөктүгүнүн алкагында миллиондогон сом зыян өндүрүлгөнү тууралуу жарыяланып жаткан көрсөткүчтөр чындыкка жана мыйзамдуулукка дал келбей калышы да мүмкүн.

Себеби кылмыш иши ачык сотто аныкталмайынча, алардын чын-төгүнүнө жетпей эле бирөөдөн коррупция боюнча шекшип, кармай калып, анан кысым астында андан акча өндүрүп, анан кайра аны үй камагына чыгара салган көрүнүштөрдүн мыйзамдуулуктан алыс калган мамлекеттик террорго айланып кетүү коркунучу бар экени айтылды.

Анткени кылмыш укугу боюнча адистер кылмышка шектүүлөрдүн бөгөт чараларын караган соттор адатта ишти териштирген жана көзөмөлдөгөн тергөө органдары менен прокурорлордун тыянагына көз каранды болуп, алардын сотто келтирген өтүнүчтөрүн гана канааттандырып чечим чыгарып калган учурларын мисал келтиришти.

Юрист Нурсултан Акылбек күч түзүмдөрүнүн тергөө органдары соттун ордун алмаштырып калган кооптуу жагдай бар экенин кошумчалады:

«Бул абдан кооптуу көрүнүш. Негизи экономикалык мунапыс, капиталды легалдаштыруу деген ишкерлерге иштечү мыйзам. Анын аткаминерлерге эч кандай тиешеси жок. Экинчиден, бул иштерди кароодо УКМК менен Финпол өздөрү сот, өздөрү эле прокурор болуп алды. Мисалы, бюджетке зыян келтирген адам аны кайтарса шектүүнү камактан чыгарууну прокурор соттон сурайт. Азыр болсо Камчыбек Ташиев өткөндө өз алдынча эле чечим кабыл алып, «Матраимовдон алынган батирлерди УКМКнын кызматкерлерине кызматтык үй катары тапшырып беребиз» деп айткандай эле мамиле болуп жатат. Ошол эле кезде Садыр Жапаровду колдогон айрым адамдар өзүнчө элдик фронт уюштуруп алып «коррупционерлердин үйүнө барып жазалайбыз» деп атышат. УКМК менен Финпол деле ушундай. Болгону аларда бийлик бар. Мунун кооптондура турган жери - биз мындай жол менен кетсек инвесторлордун баарын өлкөдөн качырабыз. Менин пикиримде ушул жерде чоң көз боёмочулук бар. Расмий түрдө «бюджетке мынча акча төлөдү» деп, бирок расмий эмес да акча өндүрүү, чөнтөк толтуруу жүрүп жатышы мүмкүн».

Юристтердин айтымында коррупциялык, кызматтык жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу иштерди тергөө учурунда мамлекет тарткан зыяндын өлчөмү мамлекеттик соттук экспертизалардын көз каранды эмес корутундулары менен аныкталууга тийиш. Кошумча далилдер жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү аркылуу иштин жагдайлары бышыкталган бүтүмдүн негизинде чыккан тергөө токтомдору соттук жараяндарда ачык-айкын каралышы керек. Ошого байланыштуу бир катар адистер кээ бир оор кылмыштарга байланыштуу шек саналгандардын бөгөт чарасы үй камагына алмашса, айрымдарына камакта кармоо түрү тандалып, адилетсиз мамиле жүрүп жатканын айтышууда.

Бөгөт чарасын тандоодогу талаптар

Бирок мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев камакка алуудан сырткары бөгөт чарасын тандоого негиз бере турган укуктук жагдайларды атап, ага баа берүү тергөөчүнүн укугу экенин белгиледи:

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

«Биринчиден, бөгөт чараларынын оор же болбосо жеңил түрүн тандоо ошондой маселелерди чечиш үчүн колдонулат. Эгерде ушундай кылмышка шектүүлөр күнөөсүн моюнга алып, келтирген зыяндын ордун төлөп берип, «мен акмак болдум, ит болдум, куш болдум» деп жатса деле эмне үчүн биз аларды сөзсүз эле камашыбыз керек? Эгерде алардын туруктуу жашаган жери болсо, келтирген зыянды төлөп берип жатса, анда биз андай өтө эле катаал чектөөлөрдү киргизбешибиз зарыл. Биз ал өтө коркунучтуу эмес кылмышка байланыштуу шек саналган андай кишилерди кармап, түрмөгө камап алып, аны өлгөнгө чейин камакта кармап тура бербешибиз керек. Биз мыйзам бузуу жолуна түшкөн адамды кайра тарбиялап, келтирилген зыянды ордуна койдуруп, уяткарып, жазасын чектеп, андан кийин аны коомго кошушубуз абзел. Бул кылмыштуулукка каршы күрөш саясатынын маңызы ушундай».

Жакында коррупцияга жана экономикалык иштерге байланыштуу кылмыш иштеринде жалаң эле мурдагы жана азыркы мамлекеттик аткаминерлер жоопко тартылбастан, кирешелүү деген ири бизнестин өкүлдөрү да кармалып, камакка алынган учурлар бар. Буга кийинки убакта Бишкектеги «Спекулянт», «Нават» сыяктуу соода-ашкана түйүндөрүнө жана «Элит Хаус» курулуш компаниясына байланыштуу тергелип жаткан кылмыш иштери да кирет. Алардын жетекчилерине мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктү сатыкка чыгаруу, аткезчилик жана жер тилкелерине мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүү сыяктуу айыптар коюлган.

Темирбек Ажыкулов
Темирбек Ажыкулов

Ишкер чөйрөнүн кызыкчылыгын коргогон Темирбек Ажыкулов муну бюджетти толтуруш үчүн «кустуруу» деген тымызын саясаттын кесепети катары баалады:

«Азыр эми Финполиция, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы бардыгы баш болуп алып, уруп-согуп эле «биз бардыгын сындырабыз, биз бардыгын кустурабыз» дегенге өтүп алышты. Укук коргоо органдарынын жетекчилери мындай риторикадан алыс болушса туура болмок. Анткени мындай билдирүүлөр бизнес үчүн, ишкер чөйрө жана инвесторлор үчүн абдан кооптуу. Мыйзамсыз иштерди иликтеш үчүн ушундай ураандар көтөрүлүп жатат деген менен аны ишке ашыра турган баягы эле кызматкерлер да. Алар буга чейин аткезчиликти, көмүскө экономиканы калкалап келишкен. Алар эми ошол өздөрү үлүшкө отуруп келген нерселерди ачып чыгып, жоопко тартмак беле? Алар кайрадан эле таза иштеген бизнести барып, баса калып, эптеп эле бир илинчек таба калып, «кустурабыз» дей башташат. Мындай жагдайда мыйзамдуу жана ачык иштеген ишкер чөйрө менен инвесторлор ишин жыйнаштырып, өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн».

Жакында шайланган президент Садыр Жапаров былтыр премьер-министрлик кызматка келгенде экономикалык мунапыс жарыялап, мамлекетке келтирген зыянды өз ыктыяры менен төлөп берген мурдагы жана учурдагы аткаминерлердин жазасы жеңилдей турганын билдирген. Бирок айрым саясатчылар бул мунапысты мыйзамдуу ишке ашыруу жолдору анык көрсөтүлгөн эмес деп сынга алышкан болчу.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG