Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

Коррупцияга каршы күрөш: сын жана мыйзамдуулук


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коррупцияга шек саналып жаткан Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев бюджетке 2,5 млн. сом төгүп үй камагына чыкты. Пара менен кармалган Түштүк-Батыш бажысынын бажы тариздештирүү тобунун башкы инспектору мамлекетке 100 миң доллар кайтарып бергени дайын болду.

Бишкек-Ош жолундагы коррупциялык схемага байланыштуу шек саналып кармалган Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» кабарлады.

«Ушул жылдын 9-январында Эрмек Мамыркалиев мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын 2,5 млн. сомун өз ыктыяры менен акчалай түрдө төлөп берди. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан ага карата үй камагына алуу боюнча бөгөт чарасы тандалды».

Эрмек Мамыркалиев Бишкек-Ош мамлекеттик жол дирекциясынын айрым кызматкерлери менен коррупциялык схемага аралашкан деген айып менен 7-январда кармалган. Бул факт боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, министрликтин 30дан ашуун кызматкерине кылмыш иши козголгон. Аталган коррупциялык иштен мамлекет 20 млн. сом зыян тарткан. Мекеме дээрлик бардык сумма кайтарылганын кошумчалады.

Эрмек Мамыркалиев.
Эрмек Мамыркалиев.

Финполдун маалыматына ылайык, бул коррупциялык схема Бишкек-Ош жолундагы тоннелдерди тейлөөчү «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттериндеги автоунаа кыймылын көзөмөлдөөдө колдонулган.

Тергөө аныктагандай, 2018-жылы ал бекеттерге автоматташтырылган аппараттык-программалык комплекс орнотулган. Буга карабай, бекеттердин айрым кызматкерлери министрликтеги айрым жогорку кызматта отурган жетекчилердин коргоосу менен, мыйзамсыз баюу үчүн узак убакыт бою системаны өзгөртүп, маалыматтарды алмаштырып келген.

Бул Кыргызстанда былтыр октябрь окуясынан кийин келген бийликтин коррупцияга шек саналгандарды камагандын ордуна каражат өндүрүп бюджетти толтуруу ишинин уландысы катары бааланып жатат. Буга байланыштуу өлкөдө экономикалык мунапыс жана мурда-кийин табылган мыйзамсыз кирешелерди, мүлктү жана бизнести мыйзамдаштыруу боюнча мыйзамдар кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов жаңы бийликтин жемкорлор менен күрөшүү боюнча иши жөнүндө буларды айтты.

Максат Кунакунов
Максат Кунакунов

«Булар коррупциянын кесепети менен күрөшүп жатат. Бул туура эмес. Тескерисинче, анын себептерин иликтеп, ошону менен күрөшүү керек. Чын-төгүнүнө жетпей эле бирөөнү кармай калып кайра аны коё берип жиберүүнү колдобойм. Коррупциянын келип чыгуу себеби – бул экономика. Ошондуктан экономиканы көтөрүш керек. Экономиканы таштап коюп эле саясат менен алектенип кеткен болбойт. «Коррупция менен күрөшүп атабыз» деп популисттик билдирүүлөрдү кыла берген туура эмес».

Ал тапта Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы, Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажы тариздештирүү тобунун башкы инспектору да бюджетке 100 миң доллар төккөнү белгилүү болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал акчаны январдын башында которгонун тактады.

Депутаттын бажычы бир тууганы 29-декабрда 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүш үчүн жеке ишкерден акча талап кылганы үчүн кармалган.

Саясат талдоочу, юрист Төлөгөн Келдибаев тергөө маалында шектүүдөн акча өндүрүү боюнча Кыргызстанда колдонулуп жаткан ыкманын мыйзамдуулугу тууралуу мындай деди:

«Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кайсы бир мекемеде укук коргоо органдары, Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп жаткан кезде бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталып шектүү зыянды калыбына келтирсе жеңилдик болот. Тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсүн мойнуна алып чыгымдын ордун толтурса, Жазык кодекси боюнча жеңилдик каралган. Ошондуктан шек саналган киши үй камагына же эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикке чыгарылат».

Парламентарийлерге байланыштуу дагы бир маалымат тарап жатат. Айрым сайттар Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовго 2012-жылы козголгон кылмыш иши кайра жандандырылып, бюджетке акча төккөнүн жазышты. Депутат телефонун албагандыктан маалыматты өзүнөн тактоого мүмкүн болгон жок. Атайын кызмат кийинчерээк жооп берерин билдирди.

2012-жылы Башкы прокуратура Исхак Пирматов 2008-2010-жылдары «Кыргызмунайгазды» жетектеп турганда ишканага каржылык зыян келтирген деп айып койгон. Жогорку Кеңеш анын кол тийбестигин алып, жоопко тартуу боюнча прокуратуранын өтүнүчүн колдогон эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Жогорку Кеңештин бир депутаты сегиз жыл мурда жасаган кылмышы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө акча төгүп жатканын айтып, бирок аты-жөнүн жарыялабай койгон.

«Ар бир аткаминерди, министрди, депутатты декларациясы боюнча текшеребиз. Биз бир депутатты кармадык. Анын аты-жөнүн азыр айтпайм. Ал сегиз жыл мурда жасаган бир чоң кылмышы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө акча төгүп жатат. Биз ага шарт койгонбуз, ал акчанын жарымын төгүп бүттү».

Ташиев сөз кылып жаткан депутат Исхак Пирматов экенин Интернет порталдар укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме берип жазды.

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек иш сотко жете электе эле чыгымды төлөп абак жазасынан кутулган практиканы сынга алды.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

«Бул абдан кооптуу көрүнүш. Негизи экономикалык мунапыс, капиталды легалдаштыруу деген бизнесмендерге иштечү мыйзам. Анын чиновниктерге тиешеси жок. Экинчиден, УКМК менен Финпол өздөрү сот, прокурор болуп алды. Мисалы, бюджетке зыян келтирген адам аны кайтарса шектүүнү камактан чыгарууну прокурор соттон сурайт. Азыр болсо Ташиев өткөндө «Матраимовдон алынган батирлерди УКМКнын кызматкерлерине беребиз» деп айткандай эле мамиле болуп жатат. Садыр Жапаровду колдогон айрым адамдар өзүнчө элдик фронт уюштуруп алып «коррупционерлердин үйүнө барып жазалайбыз» деп атышат. УКМК менен Финпол деле ушундай. Болгону аларда бийлик бар. Мунун кооптондура турган жери биз инвесторлордун баарын качырабыз. Менин пикиримде ушул жерде чоң көз боёмочулук бар. Расмий түрдө бюджетке мынча акча төлөдү деп, бирок расмий эмес да акча өндүрүп, чөнтөк толтуруп жатышат».

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов да Бажы кызматында жасаган коррупциялык иштери боюнча күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп берген. Сот аны үй камагына алган.

XS
SM
MD
LG