Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Ташиев: Коррупцияга аралашкандарды жазалоо мөөнөтү эскирбейт (видео)


Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу.
Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу.

Жемкорлорго эч кандай жеңилдик болбойт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев 3-февралда парламентте билдирди.

Ал коррупцияга байланыштуу шек саналгандардын иши мөөнөтүнө карабастан каралып чыгарын, айыптуулар жазага тартыларын айтты:

«Коррупция жасап коюп, эки же 15 жыл өтүп кетти деген болбойт. Ар бирин карап чыгабыз. Ким уурдаса, мүлкү же акчасы менен мамлекетке кайтарабыз. Ким кайтара албаса же уурдаган нерсесин жеп койгон болсо, ал адам түрмөгө кетет. Кимдир-бирөөгө жеңилдик болбойт».

Ташиевдин айтымында ноябрь-декабрь айларында УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүнөн 3 млрд. сомго жакын каражат бюджетке кайтарылды.

Ошондой эле Ташиев УКМКда бизнестеги коррупциянын бетин ачуу, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш да күчөтүлөрүн белгиледи. Анын баамында Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор мамлекеттик иштерге кийлигишип калган.

Кыргызстан «Transparency International» уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде 2020-жылдын жыйынтыгы менен 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны кыргыз өкмөтүнүн Улукбек Марипов баштаган жаңы курамын жана түзүмүн талкуулап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG