Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:38

Улукбек Марипов электр тарифин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынарын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт парламент менен макулдашып, электр энергиясынын баасын өзгөрүү боюнча чечим кабыл алат. Бул тууралуу 3-февралда Жогорку Кеңеште премьер-министрликке талапкерлиги каралып жаткан Улукбек Марипов айтты:

«Тариф боюнча бүгүнкү күндө өкмөттүн токтому бар. Бирок саясий маселе болуп жатат. CASA долбооруна деле ошол тариф алып барат, кайра эле. Тышкы карызды төлөө… Муну биз этияттап, баарын тактап, сиздер менен макулдашып, чечимге барабыз. Анткени ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт. Күндөн күнгө бул жакта абал оорлоп баратат».

Мындай пикирин Марипов депутат Үмбөталы Кыдыралиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Депутат Кыдыралиев энергетика тармагында Союздан калган кризис өкүм сүрүп жатканын айткан:

«Системаны оңдошубуз керек. Кыргызстанда 4,5 миң от жагылуучу жай бар. Ошонун жана эки Жылуулук электр борборунун тагдырын чечишибиз керек. Социалдык багыттагы тариф… Тарифти чечпесек эч качан 137 миллиардды жаба албайсыңар, силер».

Марипов энергетикадагы абал тууралуу айтып, бул тармакка салынган мурдагы инвестициялар натыйжалуу болду деп айтуу кыйын экенин, ошондуктан реформа зарыл болуп жатканын жана энергетиканын карызы бүгүнкү күндө 137 миллиард сом болуп калганын айткан.

Кыргызстанда электр акыркы жолу 2015-жылы кымбаттаган. Бүгүнкү күнү 700 кВт саатка чейинки баа 77 тыйын, андан ашканына 2,16 сомдук тариф коюлган. Өнөр жайы, айыл чарбасы жана бюджеттик мекемелер 2,24 сомдон төлөшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG