Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

«Токмоктук граф» атыккан ишкер Алижан Ибрагимов каза болду


Алижан Ибрагимов.
Алижан Ибрагимов.

Белгилүү казакстандык ишкер, Токмок шаарынын ардактуу атуулу Алижан Ибрагимов 67 жаш курагында көз жумганын 3-февралда «Азаттыктын» өз булактары кабарлашты.

Маалыматты Ибрагимов ири акционери болгон «Eurasian Resources Group» компаниясынын басма сөз кызматы да тастыктады.

Ибрагимов Белгияда дарыланып жаткан жеринен каза болгону, маркумдун сөөгү Токмок шаарында жерге берилери кабарланууда.

Ибрагимов 1953-жылы Өзбекстандын Фергана облусунда төрөлгөн, кийин Кыргызстандын Токмок шаарына көчүп келген. Токсонунчу жылдары Токмоктогу токтоп калган бир катар өнөр жай ишканаларын менчиктештирген. Казакстандагы бизнесин 1989-жылы баштаган. Кийин ага Орусиядагы ишкер чөйрө «Токмоктук Граф» деген каймана ат ыйгарган. 1995-2000-жылдары Ибрагимов Евразия банкынын директорлор кеңешинин төрагасы болгон.

«Форбс Казакстан» басылмасы 2020-жылы анын байлыгы 900 миллион долларды түзөрүн жазган.

Ибрагимовдун Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын саясий чөйрөнүн өкүлдөрү менен байланышы тууралуу да айтылып келчү. (RK)

XS
SM
MD
LG