Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Сегизбаевдин штабы: кызматкерлер тинтүүгө алынды


Абдил Сегизбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы.
Абдил Сегизбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы.

УКМКнын кылмышка шектелип кармалган мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин штабынын басма сөз катчысы Мээрим Асанова 3-февралда "Фейсбукта" жарыяланган билдирүүгө байланыштуу үйүндө тинтүү жүргөнүн билдирди.

Ал штабда чогуу иштеген күйөөсү Кутман Мукашевди жана журналист Нурзада Токтогулованы УКМКнын кызматкерлери суракка алып кеткенин айтты. Өзү да атайын кызматтын Тергөө башкармалыгына чакырылган. Жаш балдары бар экенине байланыштуу барбаганын, атайын кызматкерлер телефону менен ноутбугун алып кеткенин, блогер Юлия Барабина да суракка киргенин кабарлады.

УКМКдан бул айтылгандар тууралуу комментарий алууга мүмкүн боло элек.

"Фейсбуктагы" Юлия Барабина администраторлук кылган «Правдоруб.кг» тайпасында азыркы бийликти сындаган билдирүүлөр жарыяланып турат.

Абдил Сегизбаев чуулгандуу «Белизгейт» окуясына байланыштуу 26-январда камакка алынган. Ал Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмышка шек саналууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагында кармоо тууралуу чечимди 27-январда чыгарган.

Абдил Сегизбаев 2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасы болгон. 10-январда президенттик кезексиз шайлоого катышып, шайлоочулардын бир пайыздан ашык добушун алган. (NT)

XS
SM
MD
LG