Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Эсеп палатасын жетектөө милдети Айжан Садыркуловага жүктөлдү 


Айжан Садыркулова.
Айжан Садыркулова.

Эсеп палатасынын аудитору Айжан Садыркулова аудиторлук ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин бул мекеменин жетекчиси болуп иштейт. Президенттин басма сөз кызматы 5-февралда кабарлагандай, мамлекет башчы Садыр Жапаров ага палатанын төрагасынын милдетин аткарууну жүктөө тууралуу жарлыкка кол койду.

42 жаштагы Айжан Садыркулова президенттик аппараттын мурдагы башчысы, маркум Медет Садыркуловдун кызы. Эсеп палатасынын аудитору болуп ал 2016-жылдан бери иштейт.

Медет Садыркулов 2009-жылы каза болгон. Расмий бийлик ал автокырсыктан мерт болгонун жарыялаган. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Садыркуловду ал кызмат кылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары ырайымсыздык менен өлтүргөнү ачыкка чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG