Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Эрдоган: 2023-жылы Айга конобуз


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Президент Режеп Тайып Эрдоган 2023-жылы Түркия мамлекетинин 100 жылдыгынын урматына Айга ракета учура турганын жарыялады. Жергиликтүү компаниялардын жана түрк бийлигинин колдоосу менен ишке ашырыла турган улуттук программа Айда жана космосто илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнү пландоодо. 

Түркиянын улуттук космос программасынын алкагында 2023-жылы Айга ракета жиберүү дымагы бар.

Президент Эрдоган бул тууралуу 9-февралда Улуттук конгресс жана маданият борборунда айтты.

«Эл аралык кызматташуунун алкагында орбитага 2023-жылы биздин улуттук гибриддүү ракетабыз чыгарылат жана ал алгач ирет Айга конот. Биз кылымдар бою жер жүзүндө адилеттүүлүктү, адеп-ахлакты жана тынчтыкты орноткон цивилизациябыздын космоско саякат жолун ачып жатабыз», - деди.

Эрдоган ошондой эле Анкара эл аралык коомчулуктун колдоосу менен космодром курууну көздөп жатканын кошумчалады.

«Алгачкы учуу эл аралык кызматташтык менен бирге ишке ашат. Муну менен экинчи этап үчүн керектүү маалыматтарды топтогон болобуз. Ал эми экинчи учууну 2028-жылга пландап жатабыз. Анда өзүбүздүн улуттук ракетабызды колдонобуз. Ошентип, биз Айда илимий иштерди жүргүзө алган саналуу өлкөлөрдүн бири болобуз»,- деди Эрдоган.

Президент космостук ракеталарды түркиялык компаниялар чыгара турганын жана эң маанилүү милдетке токтолду.

«Учурда биздин эң маанилүү милдетибиз ракетаны учуруу маселеси. Бул жаатта биз маанилүү кадамдарды жасап жатабыз. "Roketsan" компаниясы жасаган алгачкы ата мекендик зонд ракетабыз учурда 136 чакырым бийиктикте учуп, орбитанын чегинен ашып кетти», - деди Эрдоган.

Президент ошондой эле 10 стратегиялык максат тууралуу айтты. Алардын ичинде түрк жаранын космоско илимий миссия менен жиберүү да кирет. Эрдоган космоска алгачкы аттанган түрк жараны балким аял да болуп калышы мүмкүн экенин белгиледи.

«Көпчүлүк адамдар ушул кыял менен чоңойгонуна ишенем. Балким, аялдар "мен талапкермин" деши мүмкүн. Биз тажрыйбасы бар ыктыярчыларды тандап, аларды космоско жөнөтөбүз. Эми бир гана "космонавт" деген сөзгө дал келген түрк сөзүн табышыбыз керек», - деди Эрдоган.

Ал арада жергиликтүү серепчилер Түркиянын экономикасы кыйналып турган маалда бул долбоорго эбегейсиз көп каражат жумшоо чечимин сындашты. Бирок айрым эксперттер жаңы космостук долбоор изилдөөчүлөрдү жумуш менен камсыз кылып, чет өлкөгө кеткен түрк окумуштуулардын санын азайтарына ишенерин айтышты.

Эрдоган Түркиянын өз максаттарына жетүү планы жөнүндө кеңири маалымат берген жок.

Түрк президенти 27-январда «Тесла» жана «SpaceX» компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маскка жолугуп, космос технологиялары жаатында кызматташуу тууралуу сүйлөшкөн.

«Жолугушуу учурунда Түркиядагы мекемелер менен ар кандай тармакта мамлекеттик жана жеке менчик секторлордун кызматташтыгына байланыштуу маселелерди карадык», - деп айткан.

Эрдоган менен Маск буга чейин 2017- жылы да жолугушкан. Үстүбүздөгү жылдын 8-январында Түркия "SpaceX" менен биргеликте "Turksat 5A" спутнигин АКШдан учурган.

Спутник сапарын июнь айында аяктап, андан кийин орбитадагы сыноолорду баштайт. Кийинки "Turksat 5B" спутнигин быйыл жылдын экинчи жарымында учуруу пландалууда.

Учурда Түркиянын космосто жети активдүү спутниги бар. Аларга түрк бийлиги бюджеттен жылына 24,5 миллион лира (3,5 миллион доллар) акча бөлөт.

Анкара акыркы жылдары коргонуу өнөр жайы жана айрыкча пилотсуз учак (дрон) технологиясына инвестицияларды тарта баштаган.

Түркиянын пилотсуз учак экспорту тууралуу расмий маалыматтар жок. Бирок былтыр бул өндүрүштүн экспортунан түшкөн киреше 3 миллиард долларга жеткен. Жергиликтүү серепчилер бул көрсөткүч 2023-жылы 10 миллиард долларга жетиши мүмкүн дешет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG