Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

«Крю Дрэгон» Эл аралык космос станциясына жалгашты


“Крю Дрэгон” станцияга 19 саатта жетти.
“Крю Дрэгон” станцияга 19 саатта жетти.

Америкалык ишкер Илон Масктын "SpaceX" корпорациясы эки астронавт менен учурган “Крю Дрэгон” кемеси 31-майда Эл аралык космос станциясына ийгиликтүү жалгашты.

Кеме жалпысынан 19 саат бою учту жана баары буга чейин пландалгандай өттү.

"Falcon 9" ракетасына орнотулган "Крю Дрэгон" кемесинин бортунда 49 жаштагы Роберт Бенкен жана 53 жаштагы Даглас Хёрли Флориданын Канаверал кысыгындагы космодромдон 30-майда космоско учуп чыккан. Алар Эл аралык космос станциясына 19 саатта жетет деп айтылган жана станцияга белгиленген мөөнөттө конуп, ийгиликтүү жалгашты.

АКШнын космос агенттиги - НАСАнын астронавттары Эл аралык космос станциясында 30 суткадан 119 суткага чейин болору айтылган. Экспедициянын так мөөнөтү жакында белгилүү болмокчу.

“Крю Дрэгон” алгач 27-майда эле учурулушу керек болчу, бирок кеменин ал күнү учпай калышына аба ырайынын начардыгы себеп болгон.

"Крю Дрэгон" кемесин учурууга АКШнын президенти Дональд Трамп менен вице-президент Майк Пенс байкоо салып турду.

Трамп бул учурду "жылдыздарга жеңиш менен кайтып келүү катары" сыпаттады. Ал мындай тарыхый учурга арналган сөзүндө буга чейинки лидерлер америкалык астронавттарды орбитага чыгарган чет өлкөлүк державалардан АКШны көз каранды кылып койгон деп айыптап өттү.

"Эми мындан ары мындай болбойт. Биз америкалык астронавттарды дүйнөдөгү эң жакшы америкалык ракеталарда, Американын аймагында кайрадан башты өйдө көтөрүп учуруп жатабыз", деди Трамп.


2011-жылы "Space Shutlle" программасы токтотулгандан бери АКШнын аймагынан Эл аралык космос станциясына экипаж учурулган эмес. Соңку тогуз жыл бою америкалыктар Орусиянын "Союз" ракеталарынын бортунда учуп келишкен.

НАСА Илон Масктын долбооруна үч миллиарддан ашык доллар жумшаган.

«SpaceX» компаниясы былтыр май айында Эл аралык космос станциясына жүк ташуучу «Dragon» кемесин учурган. Жүк ташуучу кеме эл аралык космос станциясына тамак-аш жана илимий эксперименттерге керектелүүчү жабдыктарды жеткирген. Андан эки ай мурун «SpaceX» компаниясы учурган «Crew Dragon» кемеси эл аралык космос станциясына ийгиликтүү конуп, кайра жерге кайтып келген.

Азыр Эл аралык космос станциясында бир америкалык, эки орусиялык космонавт бар. Бир катар адистер адамзат тарыхында биринчи жолу жеке ишкердин компаниясы чыгарган техника менен адам космоско учканы дүйнөлүк космонавтика үчүн өтө мааниге ээ экенин белгилешет.

НАСА буга чейин Илон Масктын "SpaceX" компаниясы аркылуу каалоочулар үчүн Эл аралык космос станциясына коммерциялык саякат уюштурарын билдирген. Эл аралык космос станциясындагы бир күндүк саякатка жана ал жерде коммуналдык кызматтарды колдонууга ар бир турист 35 миң доллар төлөшү керектиги, ал эми станцияга барып-келүүгө өзүнчө акы алынары айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG