Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу УКМКдан жардам сурады


Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Ош базары», «Орто-Сай» соода жайларын курчаган жайма базарларды жок кылууга калаа бийлигинин алы жетпей калганын айтты.

«Мен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылып, жардам сурадым. Бул жайма базардагы соодагерлерди өз алдыбызча тартипке келтире албай калдык. Алыбыз жетпей калды. «Атайын топ жибергиле» дедим. Ал соодагерлердин артында кимдер турганын баары билет. Атайын козутуучулар иштеп жатат. Биз алардан базардын ичине кирип ишин улантууну суранып жатабыз».

Балбак Түлөбаев бул туурасында шаардын карамагындагы райондун жетекчилери менен 25-февралдагы жолугушуусунда билдирди. Ошондой эле жергиликтүү тартип коргоочуларды соодагерлерге карата күч колдонбоого чакырды.

Өткөн аптанын соңунда «Ош базарында» соода кылгандарды милиция кызматкерлери таркатып жатканда чыккан чатактын видеосу социалдык медиага тарап, бир топ талкууга түшкөн.

Ага чейин Түлөбаев Бишкектеги ири базарларды кыдырып, көчө боюнда товарын жайып соода кылгандарды тартипке чакырган.

Бишкектеги ири базарлардын айланасындагы көчөлөрдүн жээктеринде жайгашкан жайма базарлар бир топ жылдан бери иретке келбей турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG