Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:58

Коронавирус 97 адамга жугуп, бирөө каза болду


Коронавирусту изилдеген лаборатория, Бишкек.
Коронавирусту изилдеген лаборатория, Бишкек.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 26-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан бир адам каза тапты. 97 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1402 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекция жугузуп алгандардын жалпы саны 84 068​ адамга жетти.

Азыр ооруканада 643 адам жатат, дагы 907 бейтап үйдөн дарыланууда.

26-январда медициналык кызматкерге коронавирус жуккан учур катталган жок.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4168, алардын ичинен 4075и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG