Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Аспеков менен кошо камалган Жураев үй камагына чыкты


Улан Жураев.
Улан Жураев.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган Улан Жураев 23-январда үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьялары чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлады.

10-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен кылмышка байланыштуу шектүү катары кармалган Мелис Аспеков менен Улан Жураев 9-мартка чейин камакта калтырылган. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камакта болчу.

УКМК эки жарандык активист «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын, алар Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмышка байланыштуу шек саналып жатканын кабарлаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG