Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

УКМК: Мыйзамсыз курулуш менен алектенген ири компания аныкталды


УКМК тараткан сүрөттө «Элит Хаус» компаниясынын курулуп жаткан турак үйлөрү.
УКМК тараткан сүрөттө «Элит Хаус» компаниясынын курулуп жаткан турак үйлөрү.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Бишкек шаарындагы архитектуралык курулуш көзөмөл тармагында шаар курууга шайкештиги жана уруксат берчү документтери жок көп кабаттуу үйлөрдү системалуу куруу фактысын аныктады. Бул тууралуу атайын кызмат маалымат таратты. Маалыматка караганда текшерүүдө ири курулуш компанияларынын бири узак убакыт бою мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп келген. Бул аракеттерин компания мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин калкалоосу менен ишке ашырган.

Коррупицяга каршы күрөш кызматы тараптарга инженердик тармактарды, курулуш-монтаждоо иштерин эрежеден тышкары, мыйзамсыз жүргүзгөн, бул үйгө жайгашчу тургундардын өмүрүн тобокелге салган деген кине койгон.

Бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканы белгиленген.

Ошол эле учурда УКМК кине коюп жаткан мамлекеттик органдын, андагы жооптуу кызматкерлердин жана ири курулуш компаниянын атын ачыкка чыгарган эмес. Адистер Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү курган кеминде 5-6 ири компания бар экенин айтып келатышат.

Аталган мекеме тараткан маалыматка «Элит Хаус» курулуш компаниясына таандык турак жай курулуштарынын сүрөттөрү кошо тиркелген.

«Азаттык» аталган компаниядан комментарий сурап кайрылып, жооп ала элек. (BCh)

XS
SM
MD
LG