Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Ашхабад менен Бакунун мунай «Достлугу»


Каспий деңизиндеги пляж. Баку шаары.
Каспий деңизиндеги пляж. Баку шаары.

Азербайжан менен Түркмөнстан Каспий деңизиндеги мунай кендерин иштетүү жөнүндө макулдашты. Бул боюнча эки өлкөнүн ортосунда 30 жылдан бери бүтпөй келаткан тирешке акыры чекит коюлду.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Азербайжандын лидери Илхам Алиев 21-январда өткөн видео конференцияда Достлук кенин иштетүү боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганын жарыялашты.

Табигый газ кенин иштетүү боюнча макулдашуу Каспий деңизинин жээгиндеги бул эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат жана Транскаспий газ куурун куруу ниетин жандандырат.

1991-жылдын аягында Советтер Союзу кулагандан кийин эки өлкө бирдей кенге ээлик кылуу укугун алып, аны Азербайжан Кяпаз, ал эми Түркмөнстан Сердар деп атаган.

Бул Каспий деңизинде жайгашкан, Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосундагы талаштуу үч кендин бири. Калган эки кенди Азербайжан Азери жана Чираг деп атаса, Түркмөнстан Омар жана Осмон деп атаган. Бирок Азербайжан Түркмөнстан менен талаш-тартышты жөнгө салуудан мурун «Бритиш петролеум» эл аралык консорциуму менен бирге 1997-жылы Чираг кенин жана 2002-жылы Азери кенин иштете баштаган.

Азербайжандын эки кенди иштетүү боюнча чечими Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурад Ниязовдун кыжырына тийип, ал 1996-жылы Бакуда азери президенти Гейдар Алиев менен жолугушуп, эки мамлекетке тең пайдалуу кызматташтыкты талкуулаган. Бирок Чираг менен Азериде мунай өндүрүү башталгандан бери Баку менен Ашхабаддын мамилелери кескин начарлап кеткен.

Үчүнчү Гүнешли кенин кошкондо, талаштуу аймактагы мунайдын жалпы далилденген кору 7 миллиард баррелди түзөт. Кыска убакыттын ичинде бул кендер Азербайжанда өндүрүлгөн мунайдын негизги бөлүгүнүн деңгээлине жеткен (2010-жылы өндүрүш күчөп турганда, күнүнө 823 100 баррел мунай алынса, андан бери өндүрүш азайып кеткен).

Каспий деңизи.
Каспий деңизи.

Ошол эле учурда Түркмөнстан цистерналардын жоктугунан улам ири өлчөмдө мунай экспорттой алган эмес.

Ал эми Каспийдин жээгиндеги эки өлкөнүн мамилеси 2003-жылы Гейдар Алиев жана 2006-жылы Сапармурат Ниязов каза болгондон кийин жылый баштаган. 2009-жылы Бердымухамедов эл аралык сотко кайрылып, Чираг жана Азери кендерине көзөмөл кылууну түркмөндөргө берүүнү өтүнгөн.

2007-жылы, Бердымухамедовдун бийлигинин биринчи жылы Түркмөнстан Кипрдеги «Buried Hill» компаниясына үч блокту, Сердар (азыркы Достлук) кенин иштетүүгө лицензия берген жана сейсмикалык изилдөө иштери башталган. Бирок Түркмөнстан менен Азербайжан кенди иштетүүгө байланыштуу талаш чечилмейинче аны иштетүүнү токтото турууну макулдашкан.

Эми ошентип Достлук кени боюнча меморандумга кол коюлушу эки өлкө үчүн маанилүү жетишкендик болуп саналып, президент Илхам Алиев «бул эки өлкөнүн туруктуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасы» деп белгиледи.

Ал эми Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) өкүлү Ибрагим Ахмедов жаңы меморандумду «Азербайжан-Түркмөнстан мамилелериндеги жаңы баскыч» деп атап, ушул жылы кенди иштете башташ үчүн көптөгөн техникалык жана коммерциялык маселелер чечилиши зарыл экенин белгиледи.

Достлук кенинин аныкталган кору 1,4 миллиард баррелди түзөт. Кийинки чалгын иштери мунайдын дагы ири кору табылышы мүмкүн экенин көрсөткөн.

«Чираг жана Азери кендерин иштетүү менен бизде эми Каспий деңизи аркылуу аймакты Европа жана башка чөлкөмдөрдүн базарлары менен байланыштырган инфратүзүм, мунай жана газ куурлары бар», - деп кошумчалады Ибрагим Ахмедов.

Учурда бул жагдай Каспий деңизи аркылуу Европага көгүлтүр отун экспорттош үчүн Азербайжанга жыл сайын болжол менен 30 миллиард куб метр түркмөн газын жеткирүүнү көздөгөн Транскаспий газ кууруна кыйла олуттуу кыйынчылык жаратат.

Каспий деңизиндеги геоясат жана энергетика боюнча алдыңкы адис Роберт Катлер «Азаттык» радиосундагы маегинде Транскаспий долбооруна жол ачылганын айтты.

«2018-жылдын августундагы Актау келишими менен иштелип чыккан жана тездетилген бул өз ара макулдашуу жөнүндө меморандум, чындыгында Транскаспий долбоорун ишке ашырууга акыркы тоскоолдукту алып салат», - деди Роберт Катлер.

Каспий деңизинин укуктук статусу жана анын бөлүнүшү боюнча көптөн бери созулуп келе жаткан талаш-тартыштар 2018-жылы август айында Казакстандын Актау шаарында өткөн саммитте чечилгендей болгон. Саммитте Каспийдин жээгиндеги беш мамлекеттин (анын ичинде Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан, Орусия жана Иран) лидерлери Каспий деңизинин макамы боюнча конвенцияга кол коюшкан.

Ал эми Достлук кени боюнча келишим Азербайжан менен Түркмөнстандын Каспий деңизиндеги жаратылыш газын чогуу иштетүүдө өнөктөштүгүн чыңдап, Транскаспий куурун курууга жол ачат.

Катлердин айтымында, «эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Транскаспий долбоорунда өнөктөш болуу мүмкүнчүлүктөрүн карап, натыйжада өз ара макулдашуу меморандумуна кол коюшту».

Ал арада Азербайжандын өкүлү Ибрагим Ахмедов: «Достлук кениндеги кызматташтыкта чечиле турган дагы эле көптөгөн маселелер бар, анын ичинде долбоорду каржылоо маселеси да чечилиши керек», - деп баса белгиледи.

Азербайжандын газы Транс-Анадолу (TANAP) деп аталган куурду толтурууга жетишсиз. Долбоордун акыркы вариантында газ түтүгүнүн көлөмү 60 миллиард куб метрди түзөт. Демек, дагы бир нече өлкө TANAP кууру аркылуу газ ташышы мүмкүн.

Дүйнөдө жаратылыш газынын көлөмү боюнча төртүнчү орунда турган Түркмөнстан үчүн көгүлтүр отунду Европага жөнөтүү жагынан TANAP долбоору ачык-айкын чечим болуп саналат.

Ал эми Катлердин айтымында, «Достлук» меморандумуна кол коюлгандан кийин эл аралык байкоочулар Транскаспий кууру долбоору күч алса таң калбаш керек.

Илхам Алиев жана Гурбангулы Бердымухамедов. 2008-жыл.
Илхам Алиев жана Гурбангулы Бердымухамедов. 2008-жыл.

Бирок бир жерде бир маселе бар. Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы жаратылыш газын экспорттоо долбоорлоруна, анын ичинде азери газын Түркия аркылуу Европага жеткирүү максатында Транскаспий кууруна инвестиция жумшаган.

Ошол эле учурда түркмөн экономикасы терең кризисте, ошондуктан бул өлкө кошумча киреше алыш үчүн бардык ыкмаларды колдонууга даяр.

Бирок президент Алиев 2018-жылдын август айынын аягында Азербайжан түркмөн газы үчүн транзиттик өлкө болууга даяр экендигин, эгерде Түркмөнстан газ куурун салууну кааласа, анда Мамлекеттик мунай компаниясы Азербайжанга окшогон долбоорго инвестиция жумшашы керек экенин айткан.

Ал эми 21-январда өткөн видео конференциянын жүрүшүндө Алиевдин «жылуу» сөзүнөн Түркмөнстан да Достлук кенин иштетүүгө каржылык салым кошушу керек деген ишаратка көз карашы кандай болгону билинген жок.

XS
SM
MD
LG