Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Шайланган президент Жапаров алгач Орусияга барат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Шайланган президент Садыр Жапаров чет өлкөдөгү алгачкы сапарын Орусиядан баштоону пландап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин тармактык комитеттердин жалпы жыйынында айтты:

«Садыр Жапаровдун биринчи сапары Орусияда өткөнү турат. Биз алдын-ала биринчилерден болуп ушул газ маселесин коюп жатабыз. Эгерде бул маселелер боюнча сүйлөшүү ишке ашса биздин элибизге бир топ жеңилдик болот деген үмүт бар».

Равшан Сабиров Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин «Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» маселени талкуулаган жыйынына катышкан.

Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы расмий сапары Казакстандан башталарын кошуна өлкөнүн президентинин расмий сайты 11-январда жазган. Анда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, расмий сапарга чакырганы, Жапаров чакырууну кабыл алып, мамлекет башчы катары биринчи расмий сапарын Казакстандан баштай турганын айтканы белгиленген.

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү инаугурациясы 28-январга пландалды. (BCh)

XS
SM
MD
LG