Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

ЖЭБ иши боюнча сот 1-февралга жылды


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Жогорку сот Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупцияга байланышкан жаңы ачылган жагдайлар боюнча 25-январга белгиленген ишти 1-февралга которду. Бул айрым документтер менен таанышып чыгуу үчүн тараптарга убакыт берилгени менен түшүндүрүлдү. Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Соттук ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого соттолуучулардын жактоочулары арыз берген. Токтакунов арыздын маңызын мындайча түшүндүрдү:

«Өкүмдө көрсөтүп жатат, «Исаков ТВЕА менен кошо коррупция кылды» деп. Мамлекет ушундай чечим чыгаргандан кийин Кытай тарапка «мынча пайызды төлөбөйбүз» деп айтышы керек. «Мамлекеттик бюджетте чыгым болгон» деп жазбаптыр. «Насыянын пайызын азайтпай эле төлөйбүз» деп жатышат. Силер бирөөнүн машинеси уурдадыңар, кийин «менин машинем жок болчу» десе, машинени уурдады деп камалган киши чыгышы керек да. Мамлекет өзү жабырлануучу катары «эч нерсе уурдалган жок» деп жатат».

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

Свердлов райондук сотунун бул өкүмүн Бишкек шаардык соту 2020-жылы март айында, Жогорку сот июнь айында бир аз өзгөртүү менен күчүндө калтырган. Соттолуучулар коюлган айыптар далилсиз экенин айтып жүрүшөт.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG