Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Учак билеттеринин баасы иликтенүүдө


«Манас» эл аралык аэропорту.
«Манас» эл аралык аэропорту.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Орусияга учак билеттеринин негизсиз көтөрүлүп кетиши боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Финансы полициясы текшерүү максатында Бишкек шаарындагы авиакассалардын бирине кайрылып, Бишкек-Москва багыты боюнча 67 800 сомдук авиабилет сатып алды.

Анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөнү аныкталды, ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Тиешелүү авикомпаниялар комментарий бере элек.

Орусияга учак билеттеринин кымбат сатылып жатканы бир нече айдан бери айтылып келген.

Буга чейин кыргыз тарап Орусияга кайрылып, билеттердин баасын жөнгө салууну суранган. (BCh)

XS
SM
MD
LG