Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Коронавирус табылган мектептер онлайн режимде окууга өткөрүлөт


Кыргызстан, медицина кызматкери пандемиядагы иш учурунда. 2020-жыл.
Кыргызстан, медицина кызматкери пандемиядагы иш учурунда. 2020-жыл.

Бишкекте коронавирус табылган эки мектеп онлайн режимде окууга өткөрүлөт.

Баш калаанын мэриясы билдиргендей, мектептердин окуучулары азырынча эки жума бою аралыктан билим алышат.

24-январда борбор шаардагы эки мектептин окуучуларынан коронавирус табылганы белгилүү болгон. Алар кайсы мектептер экени айтылган эмес.

Мэрия оорунун белгилери байкалган үй-бүлөлөрдү коронавируска тест тапшырууга чакырды. Ал тууралуу мектептин администрациясына кабар берүүгө, анализдердин жыйынтыгы чыкканга чейин балдарын үйдөн чыгарбоого ата-энелерди үндөдү.

Кыргызстандагы жана Бишкектеги мектептер былтыр марттан тартып онлайн режимге өткөн. Баш калаада быйыл январда мектептердин көбү кайра кадимки тартипте иштей баштаган.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан көз жумгандардын саны 1400 адамга, илдет жугузуп алгандар 83 900 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG