Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Кытай: Шахтада камалып калган кенчилердин жарымы куткарылды


Кытай. Шандун провинциясында окуя болгон жер.
Кытай. Шандун провинциясында окуя болгон жер.

Кытайда эки апта мурда алтын шахтасында болгон авариядан кийин жер алдында камалып калган 22 кенчинин 11и куткарылды. Бүгүн, 24-январда “Синхуа” агенттиги кабарлагандай, алар ооруканага жеткирилди.

Кырсык 11-январда Шандун провинциясында катталган. Жарылуу болгон учурда шахтанын ичинде 22 жумушчу бар болчу. Куткаруучулар алардын 12си менен байланышка чыга алган, кийин бирөө көз жумган. Калган 10 кенчинин тагдыры белгисиз бойдон калууда. (RK)

XS
SM
MD
LG