Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Кытайда коронавирусту жайылтпоо үчүн жаңы чаралар көрүлүүдө


Кытай коронавирус инфекциясын жайылтпоо үчүн жаңы чечимдерди кабыл алса, Бразилия жана Норвегиянын бийлиги мутацияланган түрүн токтотуу үчүн чектөөлөрдү киргизди. Бээжинден анча алыс эмес Нангун шаарында 2600 орундуу процедуралык бөлмөлөр ачылды. Буга чейин аймактан вирусту чыгарбоо үчүн бир катар чектөөлөр киргизилген.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы акыркы суткада Хебей провинциясында дагы 24 адам адам вирус жугузганын кабарлады. Бул аймак баш калаа Бээжинге жакын жайгашкан үчүн абдан катуу көңүл бурулууда. 2019-жылдын аягында COVID-19 вирусу алгач Кытайда аныкталган эле.

24-январда Жаны Зеландияда эки айдан бери биринчи жолу коронавирус жуктурган адам аныкталганы кабарланды. Маалыматка ылайык, вирус Европадан келген 56 жаштагы аялдан табылган.

Соңку айларда Британиядан аныкталган коронавирустун жаңы штаммы чочулоо жаратууда. Вирустун бул түрү мурдагыга караганда тезирээк жайылары айтылган. Мындан сырткары коронавирустун жаңы түрлөрү Түштүк Африкада жана Бразилияда аныкталган.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 24-январга карата коронавирусту дүйнө жүзүндө 98 миллион 800 миңден ашык адам жугузса, анын кесепетинен 2 миллион 122 миңдей киши каза болду.

XS
SM
MD
LG