Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Орус бийлиги АКШны ички ишине кийлигишип жатат деп айыптады


Акциянын жүрүшүндөгү кармоодон бир көрүнүш
Акциянын жүрүшүндөгү кармоодон бир көрүнүш

Орус бийлиги АКШны өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жатат деп айыптады. Мындай билдирүү 23-январда Орусиянын бир нече шаарында өткөн нааразылык чараларды таратууга күч колдонулганын Европа Биримдиги жана АКШ сындаган соң таратылды.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекеттик “Россия” каналындагы маегинде өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин буга чейинки жүйөлөрүн кайталады. Анда Кремль АКШнын Орусиядагы элчилиги расмий сайтына акциялар өтчү жайлардын тизмесин жарыялап, демонстрацияларды уюштурууну колдоду деген сын айтылган.

Дмитрий Песков: “Албетте, мындай жарыялар туура эмес жана алар кыйыр түрдө биздин ички ишибизге кийлигишип жатат”, - деп билдирди.

Нааразылык жыйындарынын алдында АКШнын элчилиги расмий сайтына өз жарандары үчүн эскертме жарыялаган. Анда нааразылык жыйындар өтчү жайлар кооптуу болушу мүмкүн экени айтылат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дал ушул эскертмени “акцияга колдоо көрсөтүү” катары сыпаттоодо.

23-январда Орусиянын баш калаасы Москва баш болгон ондогон шаарларда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абактан бошотулушун талап кылган наарахылык жыйындар өттү. Анын жүрүшүндө полиция дээрлик бардык жерлерде демонстранттарды күч менен кармап, ур-токмокко алган окуялар катталды. Айрыкча Москва, Санкт-Петербург шаарларында коопсуздук күчтөрү демонстранттарды аёосуз сабап, зомбулук көрсөткөнү чагылдырган көптөгөн видеолор тарады.

Көз карандысыз “ОВД-Инфо” мониторинг тобунун маалыматы боюнча, 23-январдагы өлкө боюнча нааразылык жыйындары учурунда 3400дөй адам кармалды.

XS
SM
MD
LG