Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Орусиянын Тергөө комитети ишембидеги акциялар боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду


Москва. 2021-жылдын 23-январы.
Москва. 2021-жылдын 23-январы.

Орусиянын Тергөө комитети Москвада 23-январда камактагы оппозиционер Алексей Навальныйды колдоп чыккан акциялар боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду. Мекеменин маалыматына караганда, иштер бийлик өкүлүнө карата күч колдонууга, ээнбаштыкка, мүлктү атайылап талкалоого байланыштуу беренелердин негизинде тергеле баштады.

Күч түзүмдөрүнүн ишине байкоо жүргүзүүчү «ОВД-Инфо» тобу бул күнү 3430 адамды полиция кармап кеткенин маалымдады.

Навальныйдын бошотулушун талап кылган акциялар ишемби күнү Орусиянын бир нече шаарында өткөн. Москвада 40 миңдей адам көчөгө чыкканы кабарланды.

Европа Биримдиги менен Кошмо Штаттар орусиялыктардын тынч жыйын куруу укугу чектелгендиги үчүн Кремлди сынга алышты.

44 жаштагы Алексей Навальный - орус бийлигин аёосуз сындап келаткандардын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин жемкорлук иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келет. Жакында ал Путинге "мыйзамсыз каражат аркылуу аксарай курулган" деген тасма жарыялаган.

Бул иликтөө боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «бул баягы эле эски ыр, бир топ жыл мурун эле Путиндин Геленжикте эч кандай сарайы жок экенин түшүндүргөнбүз» деп жооп берген.

“Новичок” заты менен ууландырылгандан кийин Германияда дарыланган Навальный Москвага 17-январда кайтып келген жана ошол күнү бир айга камалган.

Москванын ооруканалары 23-январда 29 адам түшкөнүн, аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөнүн кабарлашты. (RK)

XS
SM
MD
LG