Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Путин Навальныйдан коркобу же элденби?


А.Навальныйдын бошотулушун талап кылган жыйын. Санкт-Петербург. 2021-жылдын 23-январы.

Орусияда 23-январдагы жемкорлукка каршы нааразылык жыйындары массалык кармоолор менен коштолуп жаткан чакта, коомчулук эмне үчүн Орусиянын бийликтери жарандык кыймылга айыгыша каршы туруп жаткандыгына кызыгууда. Анын чоң себептеринин бири – быйылкы парламенттик шайлоодо оппозициянын жеңишинин алды алуу далалаты болушу ажеп эмес.

44 жаштагы Алексей Навальный – өзүнүн артынан кыйла орусиялыктарды ээрчите алган оппозициячыл саясатчы. Ал Орусиядагы карапайым калайыктын көзүнчө жети баштуу ажыдаарга каршы чыккан жомоктогу баатырдай эле көрүнүп калды.

Аны президент Путин өзү да, премьер Д.Медведев жана президенттик администрация өкүлдөрү да ысымынан айтпай, тергешет. Алар “ушу жаран”, “бул мырза”, “ошол кейипкер” деген сыяктуу сөздөр менен анын тегатын айтуудан жаа бою качып келишет.

Эмне үчүн Путин Навальныйдын ысымын ачык айтпайт жана неге аны менен баарлашууга барбай жатат? “Си-Би-Эс” сыналгы каналынын кабарчысы калайыктын оюндагы ушул суроону Путиндин өзүнө 2017-жылы 8-июлда “Чоң Жыйырмалыктын” саммитинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында узаткан.


Путин Алексей Навальный эч кандай “конструктивдүү күн тартибин сунуштабай жаткандыгы” үчүн анын анын атабай келе жатам, деп жооп берген. Мында да ал өз турумун Навальныйдын ысымын айтпастан түшүндүргөн жана аны эптеп эл көңүлүн өзүнө бурдургусу келип жаткан кишилердин бири катары баалаган.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо 2020-жылы 26-августта маалымат жыйынында Навальныйдын ысымын эч атабастан: “Ал – бейтап, ал оорулуу. Биз аны ошентип эле атайбыз. Мурдагыдай эле анын тез арада сакайып кетишин тилейбиз”, – деген. Деги эмне үчүн оппозициячыл саясатчынын ысымын атоого болбойт? деген такып берилген суроого Песков “бул – иштин жагдайын өзгөртүп салбайт да”, – деп текеберлене жооп кайтарган.

Айтмакчы, Песковдун маалымат жыйынынан 6 эле күн мурда, 20-августта, Алексей Навальный Омск шаарынан Москвага уча бергенде өзүн жаман сезип, учак шашылыш Томск шаарына кондурулуп, ал жерден алгачкы тез жардам көмөгү көрсөтүлгөн. Андан соң комада жаткан Навальныйды атайын учак менен Томск шаарынан Берлинге жеткиришип, мындагы “Шарите” ооруканасында аны аман алып калышкан.


Германдык адистердин көз карандысыз иликтөөсү Навальныйдын атайылап ууландырылгандыгын тастыктаган. Навальныйдын өзү да бул ууландыруу ишине катышкан орусиялык коопсуздук кызматынын өкүлүн алдап телефон байланышка чакырып, өзүн кантип ууландырышкандыгынын чоо-жайын үн тасмага жаздырып алып, жарыялаган.


Орусия бийлиги болсо Кремлдин буйругу менен Навальныйды атайылап ууландырышкан деген бул доону четке кагып келет.

Айтмакчы, эл аралык коомчулуктун кысымы аркылуу кээде Кремлдин интернет барагы деле Навальныйдын ысымын так жарыялаган сейрек учурлар деле болот.
Маселен, 2020-жылы 26-августта Владимир Путин Италиянын Министрлер кеңешинин төрагасы Жузеппе Конте менен телефон аркылуу баарлашкан. Бул баарлашуунун кыска мазмунун жарыялаганда, Кремлдин расмий интернет барагы оппозициячыл саясатчынын ысымын “ А.Навальный” деп берген жана Орусия жетекчилиги анын ооруканага түшүүсүнүн кырдаалына байланыштуу шашылыш жана негизсиз күнөө тагуудан алыс болуу абзел, деген турумду билдиргендигин маалымдаган.

“Жемкорлукка каршы күрөш фондунун” башчысы Алексей Навальный 2016-жылы декабрда 2018-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирген болчу. Орусиянын БШКсынын жетекчиси Элла Памфилова Навальныйдын ага талапкер катары катышууга акысы жоктугун, анткени ал шарттуу сот жазасына тартылгандыгын айткан.


Навальныйдын жемкорлукка каршы кору бекер жата берген жок. Өлкө боюнча өз тармактарын да чыңдады, жемкорлукка байланыштуу тымызын чынжырлардын ачкычын табуу жаатында да иштерин улантты.

2017-жылы Навальныйдын жер-жерлердеги штабдары тамыр жайып, 2018-жылы ал “Акылдуу добуш берүү” (тагыраагы “Акыл калчап добуш берүү” – “Умное голосование”) деген долбоорду баштаганда, бул штабдар өзгөчө салым кошкон. Долбоордун ураанынын маңызы – оппозициячыл партиялар бийликчил “Бирдиктүү Орусия” (“Единая Россия”) партиясынын талапкерине каршы ынтымак менен туруп, бирдиктүү талапкерди колдоп чыгуусуна барып такалат.

2019-жылы “Акылдуу добуш берүү” долбоорунун таасири менен оппозициячыл талапкерлер Москва шаардык кеңешинин 45 орунунун 20сына шайланууга жетишкен. Башка да айрым шаарларда ушундай көрүнүштөр орун алган.

Эми 2021-жылы өткөрүлө турган кезектеги парламенттик шайлоодо Навальный жана анын өнөктөштөрү “Акылдуу добуш берүү” долбоорун колдонуу менен ийгиликке жетише алса жана парламентте көпчүлүк орунду оппозиция ээлеп калчу болсо, анда Орусиянын мыйзам чыгаруу бутагында олуттуу өзгөрүү болмокчу.

Президент Путиндин чөнтөк парламентине айланган Мамлекеттик думанын ордуна өлкөдөгү авторитардык режимди ойрон кылууга огожо болчу Мамлекеттик думанын сахнага келишинин ыктымалдыгы, албетте, Кремлди сарсанаага салган быйылкы негизги баш оорулардын бири.

Быйыл Мамлекеттик дума сапаттык жаңырууга ээ болсо, анда 2024-жылы президенттик мөөнөтү аяктай турган Путин үчүн оңой күн башталбайт. Ал конституциялык соңку реформалардын натыйжасында буга чейинки президенттикке шайланган көрсөткүчү “нөлгө айланып”, 2024-жылы да кайра шайлануу үчүн мыйзамдык мүмкүнчүлүк алган.

Навальный жана анын үзөңгүлөштөрү Краснодар аймагындагы Геленжикке жакын жердеги Путинге таандык делген “хан сарай” тууралуу даректүү иликтөөнүн натыйжасын тасма кылып таркаткандан бери кыска эле убакытта кеминде 50 миллиондой көрүүчү бул “бомба тасманы” көргөндүгү айтылууда.
Эгерде парламенттик шайлоодо оппозиция жеңип чыкчу болсо, анда жемкорлукка байланыштуу Путиндин доору 2024-жылга чейин эле аяктап калышынын коркунучу да бар.

Дал ошондуктан Путиндин режими Навальныйды саясий сахнадан оолактатуу үчүн бар аргасын жасап жаткандыгы түшүнүктүү.


Расмий Кремлдегилер Навальный “келсе эле камалат” деп алдын-ала коркутуп, бул саясатчынын кайра кайтып келүү ниетинен баш тартуусуна тымызын шыкак кылды. Алардын “картасын” жаңылтып, Навальный 17-январда Берлинден Москвага кайтып келди да, дароо эле “Шереметьево” аба майданында кармалды. Ал отурган учактын пландалгандай “Внуково” аба майданына эмес, “Шереметьево” аба майданына капысынан кондурулгандыгы да бийликтин “бул жарандан” чочулап жаткандыгын тастыктады.

Албетте, путинчил эместердин ичинен Навальныйдын өзүн сындаган орусиялык жарандар да аз эмес. Укук коргоочу Валерия Новодворская (1950-2014) Навальныйдын жалаң гана орус тектүүлөрдүн укугуна басым жасаганын сынга алгандыгын тывалык журналист Сайана Монгуш "Фейсбукта" эскерет:



Сайана Монгуш айым өзү да Навальный деле этностук азчылыктарга жетишерлик көңүл бөлбөй турган “империячы саясатчы” деп аны жакында “Фейсбукта” кайра сынга алды.

Бир нече жыл мурда ATR сыналгы каналынын Башки директорунун орун басары, журналист Айдер Муждабаев да Навальныйды шовинист деп айыптаган.

Ал эми Орусиядагы өкмөтчүл каналдардагы Навальныйга каршы улам күчөгөн бир беткей өнөктүктү айтпай эле коёлу.

Тасма. Былтыр А.Навальный ууландырылып, Берлиндеги ооруканада дарыланып жатканда орусиялык өкмөттүк жана бийликчил каналдар "блогер Навальный" тууралуу бир беткей маалымат таркаткандыгын "Настоящее время" сыналгы каналы баяндады. 10.9.2020.

Бирок Навальныйды ууландырып өлтүрүү боюнча майнапсыз аяктаган далаалат, аны Атажуртуна кайтаар замат камакка алуу, анын тарапташтарынын 23-январдагы нааразылык жыйындарын күч менен басуу – ушул айла-амалдардын бардыгы калайык көзүнө Навальныйды “элдик баатыр”, “эл үчүн өзүн курмандыкка чалып жаткан киши” катары көрсөтүп койду. Демек, Кремлдин кадамы авторитардык режимге теңирден тетири натыйжа берди.

Ал түгүл Путин тарабынан өз ысымы аталбай жаткандыгын да Навальный илип ала коюп, эми Кремлдин кожоюнун ал өзү да ысымын эч айтпастан “газ куурунун башына отуруп алган чал” деген сыяктуу эпитеттер менен атай баштагандыгы азыркы турмушка жана жемкорлуктун күчөшүнө нааразы карапайым орусиялыктардын купулуна толгонсуду.

Тасма. Владивостокто коопсуздук күчтөрү демонстрацияга чогулгандарга каршы качырып кирүүдө. А.Навальныйдын штабынын "Твиттердеги" барагы. 2021-жылдын 23-январы.

Эгерде Навальныйды узак мөөнөткө камай беришсе, анда ал ого бетер “жазыксыз жерден жапа чегип жаткан ыйык казатчыга” айлана бериши ажеп эмес.

Ал эми аны тез арада бошотуп жиберишсе, анда ал быйылкы парламенттик шайлоодо путинчилер өтпөй калышы үчүн ого бетер жан сабап күрөшөөрү да шексиз.

Бирок Навальныйдын камакка алынышынан соң буга чейин эки анжы жүргөн далай кишилер режимге каршы маанайга көчө баштайт, деп саясат таануучулар белгилешүүдө.

Бул - 23-январда алгачкы жолу көчөгө чыккан орусиялык демонстранттардын мисалында деле көрүнүп турат.

Азыркы маалда Орусияда бийликтин катаал коопсуздук чараларына таянышы гана эмес, ызгаар суук жана коронавирусун жайылышынан чочулоо сыяктуу жагдайлар да калайыктын бир далайын көчөгө чыгарбай жаткан кез. Ал эми жай жана күз мезгилинде бул ири өлкөнү кандай күрдөөл күтүп жатат?

Путин Навальныйдан гана эмес, ал ойгото баштаган жалпы калайыктан да сестенип жатат, дешет серепчилер.

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG