Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Блинкен Иран жана Навальный тууралуу пикирин айтты


Энтони Блинкен АКШ Сенатынын Чет өлкөлөр менен карым-катнаш комитетинде өзүнүн талапкерлиги талкууланган отурумда. 2021-жылдын 19-январы.
Энтони Блинкен АКШ Сенатынын Чет өлкөлөр менен карым-катнаш комитетинде өзүнүн талапкерлиги талкууланган отурумда. 2021-жылдын 19-январы.

20-январда президенттик кызматка киришкен Жо Байден тарабынан мамлекеттик катчы кызматына талапкер катары былтыр эле сунушталган Энтони Блейк жаңы өкмөт Иран менен узак мөөнөттүк жана кубаттуураак өзөктүк келишим түзүүнү жактай тургандыгын айтты.

Алдыдагы төрт жылдагы тышкы саясатка карата багыттоочу пикирин айтып жатып, Блейк мырза көз ачып-жумгуча эле Тегеран менен жаңы келишим түзүү да мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Дал ушундай маанайын АКШнын чалгын кызматтарынын башчылыгына талапкер болуп жаткан Эврил Хэйнс айым да билдирген болчу.

19-январда АКШ Сенатынын Чет өлкөлөр менен карым-катнаш комитетинде өзүнүн талапкерлиги талкууланган отурумда чыгып сүйлөп жатып, Блинкен мырза жакын арада кызматка киришкен соң, Иран кандайча кадамдарга барарын, ирандыктар өз милдеттенмелерин аткарууга канчалык кайтып жаткандыгын баалашы зарыл экенин белгиледи.

Байден болсо Кошмо Штаттар Ирандын өзөктүк программасын чектеген 2015-жылдагы биргелешкен иш-аракет планына кайрадан кошула тургандыгын айтып чыкты. Бирок ал үчүн Иран ошол келишимдеги милдеттенмелерине кайтып келиши зарыл.

2018-жылы мурдагы президент Трамп алиги келишимден өз өлкөсүн бир тараптуу түрдө чыгарып кеткен соң, Иран да өзүнүн өзөктүк милдеттенмелеринен бара-бара четтей баштаган болчу.

Блинкен орусиялык оппозициячыл лидер Алексей Навальныйдын орус бийлиги тарабынан камалышын да айыптап чыкты.

Андан тышкары, Блинкен Грузиянын НАТОго мүчө болушун колдой тургандыгын да Сенаттын жогоруда аталган комитетинде айтты.

«Эгерде Грузия сыяктуу өлкө (НАТОго) мүчөлүк үчүн аныктоочу мүнөздөмөгө ылайык келчү болсо жана биздин жалпы коопсуздугубузга салым кошсо, анда, албетте, ал үчүн эшик ачык калууга тийиш», – деди Блинкен. (TT)

XS
SM
MD
LG