Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Помпео Кытайдын уйгурларга мамилесин геноцидге теңеди


БУУнун эсебинде, Шинжаңда кеминде бир миллиондой уйгур баштаган мусулман азчылыктардын өкүлдөрү эркинен тыш лагерлерде кармалып турат.
БУУнун эсебинде, Шинжаңда кеминде бир миллиондой уйгур баштаган мусулман азчылыктардын өкүлдөрү эркинен тыш лагерлерде кармалып турат.

АКШда кызматтык мөөнөтү соңуна чыгып бараткан мамлекеттик катчы Майк Помпео Кытайды уйгур жана башка мусулман азчылыктарына карата "геноцид" жана "адамзатына каршы кылмыш" кылганы үчүн айыптады. Кытай бул дооматтарды кайрадан четке какты.

Майк Помпео тараткан билдирүүдө «Кытайдын Коммунисттик партиясынын жетекчилиги жана көзөмөлү алдында бул геноцид уланып жатат жана биз уйгурларды жок кылуу аракети токтобой жатканын байкап турабыз» деп айтты.

Мамкатчынын кайрылуусу шайланган президент Жо Байдендин инаугурациясына бир күн калганда жарыяланды.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

Помпео бардык эл аралык уюмдарды, анын ичинде эл аралык сотторду Кытайдын уйгурларга жасаган мамилеси тууралуу дооматтарды иликтеп, талдоого чакырды. Ошондой эле Кошмо Штаттары мындан ары да Бээжинге Шинжаңдагы саясатын өзгөртүшү үчүн басым-кысымды улантарына ишенерин айтты.

Кытай Помпеонун геноцид тууралуу билдирүүсүн четке какты. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хуа Чуньин Бээжинде 20-январдагы брифингде Шинжаңда геноцид «буга чейин эч качан болгон эмес, азыр да болгон жок жана келечекте да буга эч качан жол берилбейт» деп айтты.

Жаңы шайланган президент Жо Байден шайлоо өнөктүгү маалында Бээжиндин мусулман азчылыктарына карата аракеттерин «кыргын» катары баалаган жана президент болуп калса Дональд Трамптын администрациясына караганда алда канча катаал чара көрүү тууралуу убада берген.

Байден мамлекеттик катчы кызматына көрсөткөн Энтони Блинкен 19-январда Сенатта анын талапкерлиги каралып жатканда Помпео берген баага кошула турганын билдирди.

«Лагерлерде эркектерди, аялдарды жана балдарды мажбурлоо, аларды Кытайдын Коммунисттик партиясынын идеологиясын колдошу үчүн кайра тарбиялоо, мунун баары геноцид аракети тууралуу кабар берет. Менимче, биз Шинжаңда адамдарды мажбурлап өндүргөн товарларды импорттобоого көңүл бурушубуз керек. Ошондой эле келечекте аларды басым-кысымга алууга көмөктөшкөн технологияларды жана курал-аспаптарды экспорттобошубуз керек».

Былтыр октябрда АКШдагы сенаторлор Бээжиндин Шинжаңдагы мусулмандарга карата аракетин геноцид катары таанууга чакырышкан. Резолюциянын долбоорунда «Кытайга репрессиялары үчүн чара көрүү» талап кылынган.

Өткөн жылы Вашингтон Кытайдын уйгурларга карата мамилесинен улам Бээжинге бир катар санкцияларды салган.

Өткөн аптада АКШ Шинжаң аймагында өндүрүлгөн пахта менен помидорду импорттоого тыюу салынарын билдирген. Расмий бийлик өкүлдөрү муну мажбурланган жумушчу күчүнүн колдонулушу менен негиздеген. Кытай анда да дооматтардын баары негизсиз экенин айткан.

Буга чейин Канада менен Британия Шинжаңда лагердеги уйгурлардын күчү менен жасалган буюм-тайымдардын импорттолушуна тыюу саларын маалымдаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, Шинжаңда кеминде бир миллиондой уйгур баштаган мусулман азчылыктардын өкүлдөрү эркинен тыш лагерлерде кармалып турат. Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагындагы «тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар» катары сыпаттайт жана куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG