Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Лондон менен Бээжин уйгурлар үчүн кайым айтышты


Нурбакыт Калияскардын 25 жаштагы кызы Кытайдагы лагерде. 2018-жылы тартылган сүрөт.
Нурбакыт Калияскардын 25 жаштагы кызы Кытайдагы лагерде. 2018-жылы тартылган сүрөт.

Британия жана Канада уйгурлардын күчүн колдонуу менен жасалган делген Кытай товарларын импорттого тыюу салышты. Расмий Бээжин бул чечимди сынга алып, Кытай өз улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн чара көрөрүн билдирди.

БУУдагы кайым айтышуу

Британиялык министр Жеймс Клеверли 12-январда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде жасаган билдирүүсүндө Кытайдын уйгурларга болгон мамилесин сынга алды.

Ал террорчулукка каршы күрөш айрым учурда мамлекет бийлигинен чукул чараларды кабыл алууну талап кыларын моюнга алуу менен "экстремизмге каршы күрөш" деген шылтоо адам укуктарын басмырлоо үчүн да колдонулуп жатканын" билдирди.

Клеверли Кытайдын Шинжаң автоном аймагындагы уйгурлар кабылып жаткан басмырлоону мисал келтирди.

Кытайдын Улуттар Уюмундагы элчиси Чжан Юнг британиялык министрдин билдирүүсүн «негизсиз саясий чабуул» деп атап, террорчулукка каршы кош стандартты колдонууну жана Бээжиндин ички ишине кийлигишпөөгө чакырды.

Бээжин Шинжаңда жүргүзгөн саясаты үчүн соңку бир нече жылдан бери эл аралык коомчулуктун айыптоосуна кабылып келет. Ал жакта Улуттар Уюмунун эсеби боюнча бери дегенде 1 миллион уйгур жана башка мусулман азчылыктар, анын ичинде казактар жана кыргыздар «саясий-тарбиялоочу лагерлерде» камалып келет.

Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал жайларды "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим борборлору" катары сыпаттайт.

Британия менен Канада Шинжаңда жасалган буюм-тайымдардан баш тартты

Министр Жеймс Клеверлинин билдирүүсүнөн мурда Лондон Шинжаңда камактагы уйгурлардын күчүн колдонуу менен жасалган делген кытай товарларын импорттоого тыюу салганын жарыялады.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Бээжиндин мусулман азчылыктарына каршы жасаган иштери «жырткычтыкка» барабар экенин белгиледи.

Британияга тилектештик бирдирген Канада дагы Шинжаңда жасалган буюм-тайымдарды сатууга тыюу салды. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Британия менен Канаданы бул чечимдерин артка кайтарууга чакырды.

«Британия менен Канада өз ката чечимдеринен токтоосуз баш тартып, Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү жана Бээжиндин кызыкчылыктарына доо кетирүүнү токтотушу керек. Кытай өз улуттук кызыкчылыктарын, нарк-насилин, эгемендигин, коопсуздугун коргоо үчүн бардык чараларды көрөт», - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Чжао Лицзян.

Өткөн жылдын соңунда «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) Европанын бир катар мамлекеттеринде сатылган медициналык беткаптар жана коронавирустан коргоочу каражаттар Кытайдагы уйгурлар тарабынан жасалганын иликтеп чыккан.

Кытайдагы уйгурлар тууралуу маалыматтарды иликтеп жүргөн эксперт Адриан Зенцтин айтымында, бул өлкөдөгү аз улуттун өкүлдөрү катуу көзөмөл алдында эмгектенишет, алардын аң-сезимин идеологиялык сабактар менен бурушат жана алар өз каалоосу менен эч кайда чыга албаган жабык, камералар орнотулган жатаканаларда жашайт.

Кытай бийлигинин түшүндүрмөсүнө караганда Шинжаңдагы уйгурлар «Жумушчу күчтү көчүрүү» деген программанын алкагында өлкөнүн башка аймактарындагы заводдорго жиберилип, акча таап алууга мүмкүнчүлүк берилет.

XS
SM
MD
LG