Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Казакстан Кытайдан качып келген шинжаңдык казактарга качкын макамын берди


Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулы. 22-июнь, 2020-жыл.
Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулы. 22-июнь, 2020-жыл.

Казакстан Кытайдан качып келген шинжаңдык казактар Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулына бир жылдык мөөнөткө качкын макамын берди. Бул тууралуу алардын адвокаты Абдула Бакберген билдирди.

Мусаханулы менен Алимулы былтыр октябрда казак-кытай чек арасынан өтүп, Казакстандын Зайсан районуна барышкан. Алматыга келгенден кийин алар басма сөз жыйынын өткөрүп, Шинжаңдагы мусулмандарга каршы куугунтуктан качканын айтып беришкен. Казак бийлиги аларга «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча айып коюп, быйыл январда бир жылга эркинен ажыратылган. Июндун аягында Мусаханулы менен Алимулы Чыгыш Казакстан облусундагы түрмөдөн чыкканы кабарланган.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлдөрү лагерлерде негизсиз кармалып тургандыгы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы лагерлерде бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Расмий Бээжин шинжаңдыктардын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мындай лагерлерди «кесипке үйрөтүүчү борборлор» катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG