Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Шинжаңда жүз миңдеген киши пахта талаасында күчтөп иштетилет


Шинжаңдагы пахта талаасы.
Шинжаңдагы пахта талаасы.

Америкалык аналитикалык борбор Бээжин Шинжаңда жүз миңдеген уйгурлар менен башка түпкүлүктүү мусулман элдеринин өкүлдөрүн күчтөп пахта талааларындагы ишке салганын билдирди. Шейшембиде «Глобалдуу саясат борбору» жарыялаган баяндамада айтылгандай, Кытай өкмөтүнүн расмий документтери жана маалымат каражаттарынын кабарлары уйгурлар көп жашаган үч райондо эле бери дегенде 570 миң киши пахта терүүгө жөнөтүлгөнүн айгинелейт. Алар жакырчылыкты азайтуу боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке тартылган.

Баяндамда Шинжаңдан экспорттолгон пахтанын көбү болжол менен элди күчтөп иштетүү аркылуу өндүрүлгөнү белгиленет. Жакында автоном районундагы жарым-жартылай аскердик «Шинжаң өндүрүш жана курулуш корпусу» аттуу мекеме менен байланышы бар компаниялардын пахтасын жана андан жасалган товарларын импорттоого АКШ тыюу салган. Сөз болгон бөлүк Кытайдагы ири пахта өндүрүүчү мекеме болуп саналат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги америкалык борбордун баяндамасында камтылган маалыматты четке кагып, Шинжаңдагы улуттардын өкүлдөрү кайсы жумушта иштөөнү өздөрү тандашарын, аларды эч ким күчкө салбаганын билдирди.

Вашингтондун, БУУнун жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын эсебинде, Шинжаңда бир миллиондой мусулман «кайра тарбиялоо» лагерлерине күчтөп жөнөтүлүп келатат.

Расмий Бээжин ал мекемелерди терроризмге туруштук бериш үчүн түзүлгөн тилге жана кесипке үйрөтүү борборлору деп атап, алардын абак катары колдонулуп жаткандыгы тууралуу сынды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG