Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Бээжин АКШнын мамкатчысынын дооматын четке какты


Шинжаң аймагы.
Шинжаң аймагы.

Кытай АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун геноцид тууралуу билдирүүсүн четке какты. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хуа Чуньин Бээжинде бүгүнкү брифингде Шинжаңда геноцид «буга чейин эч качан болгон эмес, азыр да болгон жок жана келечекте да андайга эч качан жол берилбейт» деп айтты.

19-январда Помпео Кытайды уйгур жана башка мусулман азчылыктарына карата «геноцид жана адамзатка каршы кылмыш» кылганы үчүн айыптаган. Кызматтык мөөнөтү соңуна чыгып бараткан башкы дипломат өзү тараткан билдирүүдө Кытайдын Коммунисттик партиясынын «жетекчилиги жана көзөмөлү астында бул геноцид уланып жатат жана биз уйгурларды жок кылуу аракети токтобой жатканына күбө болуудабыз» деп айтты.

Помпео бардык эл аралык уюмдарды, анын ичинде эл аралык сотторду Кытайдын уйгурларга жасаган мамилеси тууралуу иштерди иликтеп, талдоого чакырды. Ошондой эле Вашингтон мындан ары да Бээжинге Шинжаңдагы саясатын өзгөртүшү үчүн басым-кысымды улантарына ишенерин айтты.

Байден мамлекеттик катчылык кызматка сунуш кылган Энтони Блинкен 19-январда Сенатта өз талапкерлиги каралып жатканда Помпео берген баага кошула турганын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Шинжаңда кеминде бир миллиондой уйгур баштаган мусулман азчылыктардын өкүлдөрү эркинен тыш лагерлерде кармалып турат. Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагында «тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар» катары мүнөздөп, куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Былтыр АКШ Кытайдын мындай саясатынан улам бир катар санкцияларды салган.

XS
SM
MD
LG