Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Блинкен: Иран менен «узагыраак жана күчтүүрөөк» келишим иштеп чыгабыз


Энтони Блинкен. Вашингтон, 19-январь, 2021-жыл.
Энтони Блинкен. Вашингтон, 19-январь, 2021-жыл.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден мамлекеттик катчылык кызматка талакерлигин көрсөткөн Энтони Блинкен жаңы администрация Иран менен «узагыраак жана күчтүүрөөк» келишим иштеп чыгууга аракеттенерин билдирди. Талапкерлигин караган Сенаттагы жыйында Блинкен Тегеран менен жаңы келишимге жетишүү үчүн дагы «узак жол басып өтүү» керек экенин белгиледи.

Байден буга чейин Вашинтондун 2015-жылкы келишимге кайтышын каалай турганын билдирген. Бирок бул үчүн Иран документте каралган милдеттенмелерин аткаруу тийиш деп кошумчалаган.

АКШнын президенти Дональд Трамп 2018-жылы келишимден чыгып кеткенден кийин Тегеран документтин шарттарын буза баштаган.

Блинкендин айтымында, 2015-жылкы пакт жаңы «узагыраак жана күчтүүрөөк» келишимге пайдубал болуп бермекчи. Документке Ирандын ракета программасы жана карасанатай ишмердиги камтылмакчы.

Ал эми Тегеран ракета программасы жана чөлкөмдөгү аракеттери ал келишимге киргизилбей турганын кайталап, Вашингтонду макулдашууну аткарууга, санкцияларды алууга үндөп келатат. Иран өзөктүк ишмердиги тынчтык максаттарын гана көздөй турганын белгилейт.

58 жаштагы Блинкен 2015-жылкы келишимдин чоо-жайынан жакшы кабардар. Барак Обаманын тушунда 2013-2015-жылдары улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин орун басары, 2015-2017-жылдары мамлекеттик катчынын орун басары болуп турган.

XS
SM
MD
LG