Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Байден АКШнын болочок мамкатчылыгына Энтони Блинкенди көрсөтөт


Энтони Блинкен АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары болуп турган кезинде. 2015-жылдын 24-июну.
Энтони Блинкен АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары болуп турган кезинде. 2015-жылдын 24-июну.

АКШнын президенттигине шайланган демократ Жо Байден өзүнүн көп жылдык кеңешчиси жана ардагер дипломат Энтони Блинкендин талапкерлигин өлкөнүн жаңы мамлекеттик катчысынын кызматына көрсөтүүгө камынып жатканын АКШдагы маалымат каражаттары 22-ноябрда билдиришти.

Эгерде талапкерлиги расмий көрсөтүлүп жана Сенат тарабынан жактырыла турган болсо, анда Блинкен президент Дональд Трамптын төрт жылга созулган «Биринчи орунда Америка турат» деген саясатынан - эл аралык институттарды иренжиткен жана бир эле учурда шериктери менен да, кастары менен да тирешүүгө кириптер кылган нуктан кайра оолактоо мүдөөсүндө Американын дипломатиясын жана өлкөнүн кайра дүйнөлүк иштер менен алектенишин жаңыртуу милдетин аркалап калат.

Энтони (Тони) Блинкен 1962-жылы Нью-Йоркто туулган. 1984-жылы Гарвардды аяктап, Колумбия университетинде окуусун уланткан. 2009-2013-жылдары ал кездеги вице-президент Байдендин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси болгон. 2015-2017-жылдары Блинкен АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары болуп иштеген.

Энтони Блинкендин талапкерлиги тууралуу Жо Байден шейшембиде (24-ноябрда) өзүнүн жалпы кабинетинин мүчөлүгүнө талапкерлерди тааныштырып жатып жарыя кылмакчы. Жэйк Салливан - АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун жакын кеңешчиси - эми Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин кызматына талапкерлиги коюлушу күтүлүп жатат.

Блинкендин жаңы кызматка дайындалганы жатканын оболу «Блумберг» агенттиги маалымдап, андан соң бул кабардын тастыктамасын башка медиа каражаттары илип кетишти.

Азыркы президент Дональд Трамп 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын четке кагууга аракеттенип жаткан чакта, Жо Байдендин болочок кабинет мүчөлөрүн тааныштырышы 2021-жылдын 20-январында президент катары ант берер замат өз ишмердигин натыйжалуу баштоо ниетин чагылдырат.

Болочок президент бир эле учурда АКШнын коронавируска каршы күрөшү менен да, эл аралык чөйрөдөгү саясатты жандантуу иштери менен да алектениши күтүлөт.

Байден кызматка киришер замат климат боюнча Париж келишимине АКШнын кайрадан киришине, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыгуу тууралуу Вашингтогдун чечимин жокко чыгарууга багытталган кадамдарга камынып жатат. Бул иш-чараларды жүргүзүүдө Энтони Блинкен анын оң колу болушу күтүлөт. Байдендин болочок өкмөтү Иран менен тирешүүнү да басаңдатуу, шериктер менен мамилелердеги өксүктөрдү жоюу, Кытай менен улам салкындап кеткен карым-катнашты жөнгө салуу сыяктуу иштерди жүргүзүшү күтүлөт.

XS
SM
MD
LG