Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:06

Навальный өзүн ууландырды деген ФККнын кызматкери менен сүйлөшкөнүн жарыялады


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный өзүн ууландырган деген Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) кызматкерлеринин бири менен сүйлөшкөнүн жарыялады. Бул тууралуу саясатчы өзү айтып чыкты. Анын айтымында, иликтөөчү журналисттер менен бирге өзүн ууландырууга катышкан ФККнын бир нече кызматкерине атайын жабдык менен чалып чыккан. Алардын арасында Константин Кудрявцев аттуу кызматкер менен «Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин жардамчысы катары өзүн тааныштырып» сүйлөшкөн.

Анын жүрүшүндө Кудрявцев саясатчыны ууландыруу операциясына катышканын жана «эгер Навальный түшкөн учак дароо Томскиге конбогондо ал каза болмок» деген пикирин айткан.

Ошондой эле ФККнын кызматкери деген адам бул операциянын башка катышуучулары боюнча да маалымат берген.

Алексей Навальный бул видеону «Youtube» порталына жарыялары менен бир саат ичинде бир миллиондон ашык адам көрдү.

Сентябрда европалык бир нече лаборатория 44 жаштагы орус оппозициячыл саясатчысы ууландырылганын тастыктаган. Навальный августта Сибирден (Томск шаарынан) Москвага бараткан учакта өзүн жаман сезип, учак жакыныраак шаар болгон Омск шаарынын аба майданына кондурулган. Тез жардам көрсөтүлгөн соң, ал Берлиндеги клиникага которулган.

14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөөсүн чыгарган. Материалда кол салууга аралашкан болушу керек деген, орусиялык атайын кызматта иштеген бир нече адамдын аты аталган. Иликтөөдө Навальныйдын сары изине түшүп жүргөндөрдүн ысымдарынын арасында Алексей Александров, Иван Осипов жана Владимир Паняев көрсөтүлгөн.

Кремль оппозиционердин ууландырылышына өзүнүн тиешеси жок экенин билдирип, аны ууландырууга аракет кылган деген дооматтарды өзүнө жуутпай келет.

17-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында Навальныйдын ууландырылышы боюнча суроого жооп кайтарып, «мындай ушак-айың - АКШнын атайын кызматтарынын маалыматын легалдаштыруу» деген.

XS
SM
MD
LG