Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

«Bellingcat»: Навальныйды уландыруунун артында орус атайын кызматы турушу мүмкүн


Навальныйды коштоп жүргөнү айтылган Коопсуздук кызматынын кызматкерлери.
Навальныйды коштоп жүргөнү айтылган Коопсуздук кызматынын кызматкерлери.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный ууландыруунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) турушу мүмкүн. Бул тууралуу «Bellingcat» ресурсу бир нече маалымат каражаты менен бирге жүргүзгөн иликтөөсүндө айтылат. «Bellingcat», орусиялык «Insider» иликтөө сайты, «Der Spiegel» жана CNN менен чогуу жүргүзгөн иликтөөдө Навальныйга карата ууландыруу боюнча операция кеминде 2017-жылдан бери даярдалганы белгиленген.

«2017-жылдын башынан тартып 2020-жылдын августуна чейин ФККнын уулуу заттар менен иштөөгө адистешкен бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Навальныйдын артынан аңдып, ал Орусиянын аймактарына чыкканда кошо сапарга чыккан. 30 жолу бир жерде болсо, кеминде эки жолу ууландырууга аракет кылган», деп айтылат иликтөөдө.

Ошондой эле иликтөөчү топ быйыл августта Алексей Навальный менен бирге алгач Новосибирск, кийин Томскко барган Федералдык коопсуздук кызматынын үч кызматкерин жана алар менен байланышта болгон беш кызматкерди аныктаган.

Иликтөөдө алардын ысымдары Алексей Александров, Иван Осипов жана Владимир Паняев деп көрсөтүлгөн.

Бул иликтөө Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун баракчасына жүктөлүп, анда оппозиционер «мени ким өлтүргүсү келгенин билем» деп жарыялады.

44 жаштагы Навальный 20-августта Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн начар сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген. Навальный 19 күндөн кийин эсине келген.

Германиянын, кийин башка өлкөнүн эксперттери Навальный «Новичок» тобундагы уу менен ууландырылган деген жыйынтыкка келишкен. Европа Биримдигиндеги бир катар өлкөлөр Москваны фактыны иликтөөгө чакырышкан. Биримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ Навальныйга кол салууга тиешеси бар экени айтылган орусиялык бир нече аткаминерге санкция салган.

Алексей Навальный өзү аны Кремлдин көрсөтмөсү менен атайын кызматтар ууландырган деп эсептейт. Орусия оппозиционердин ууланышына тиешеси жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG