Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Навальныйдын Меркел менен жолукканы ачыкка чыкты


Алексей Навальный ооруканада. 23-сентябрь, 2020-жыл
Алексей Навальный ооруканада. 23-сентябрь, 2020-жыл

Германиянын канцлери Ангела Меркел бул өлкөдө дарыланып жаткан орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын абалынан кабар алган. Бул тууралуу германиялык басылмалар жазып чыгып, кийинчерээк Навальный да, немис канцлеринин кеңсеси да ырастады.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Берлиндеги “Шарите” клиникасында дарыланып жаткан орус оппозиционери Алексей Навальный менен тымызын жолугушканын “Der Spiegel" басылмасы жазып чыкты.

Журналисттер Меркел мындай «адаттан тыш ишараты менен немис өкмөтүнүн орус оппозиционерине тилектештигин көрсөткүсү келген» деп белгилешкен.

Бир аз убакыт өтпөй Ангела Меркел менен жолукканын Алексей Навальный ырастады. Ал "Твиттердеги" баракчасына “Меркел менен жеке жолугушуу жана үй-бүлө менен баарлашуу болгонун” жазды.

Ангела Меркел
Ангела Меркел

Орус оппозиционери 32 күн дарыланып жатканда “Шарите” ооруканасына барганы үчүн немис канцлерине абдан ыраазы экенин билдирди.

Мындан соң Ангела Меркелдин расмий өкүлү Штеффен Зайберт 28-сентябрдагы маалымат жыйында Навальный менен тымызын жолукканын четке какты:

«Коом алдында өтпөгөн жолугушуунун баарын эле сыр деп айтуу туура эмес. Бул федералдык канцлердин Навальный мырза менен жеке жолугушуусу болду. Мында эч кандай деле сыр болчу нерсе жок. Эми болсо маалыматтардын баары коомго тарады, ал да жакшы нерсе. Нерв системасы ууландырылып Германияда дарыланып жаткан бейтаптын абалын суроо гана болчу», - деп билдирди.

Зайберт жолугушуу жүрүшүндө эмне жөнүндө сөз болгону жана канчага созулганын тактаган жок.

Кремлдин башкы каршылашы 44 жаштагы Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Навальный ооруканадан 23-сентябрда чыккан жана Германияда болуп, дарылануусун улантарын билдирген.

Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын кабарлашкан.

Германия парламенти-Бундестагдын экономика жана энергетика комитетинин төрагасы Клаус Эрнст Навальныйдын Берлинде дарыланышын жана уунун изи калды деген бөтөлкөнү негиз кылып, иликтөө баштаса болорун билдиргени белгилүү болду.

Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет жана Берлинди «бул ишти иликтөөдө Москва менен кызматташпай жатат» деп күнөөлөгөн.

Дал ушундай Алексей Навальныйдын ууландырылышы жана аны иликтөө боюнча пикир келишпестик Орусия менен Батыштын ортосундагы буга чейин деле жакшы эмес мамилени дагы начарлатты. Соңку окуядан соң Европа жана АКШдагы айрым саясатчылар орус бийлигине карата жаңы санкцияларды киргизүүнү сунуштаган.

Бирок Орусиянын Эсеп палатасынын төрагасы Алексей Кудрин Батыштын жаңы санкцияларынан коркууга эч кандай негиз жок экенин айтып чыкты. Ал 28-сентябрда "Russia Today” каналына маегинде ыктымал санкциялардын кесепети башка өлкөлөргө тийиши мүмкүн деген пикирин билдирген.

Алексей Кудрин
Алексей Кудрин

«Жакын арада Орусияга карата кандайдыр бир сезилерлик санкция деле киргизилбейт деп ойлойм. Тактап айтканда, чектөөлөрдүн жаңы деңгээлине өтпөйбүз деп үмүттөнөм. Бул акыркы жылдардагыдай эле чымчылоо болушу мүмкүн».

Ал ортодо Алексей Навальныйдын ууландарылышы боюнча иликтөө жүргүзүүдөн баш тарткан Орусиянын Тергөө комитетине каршы Коррупцияга каршы фонддун арызын Москва шаардык соту четке какканы белгилүү болду. Мындан соң Навальныйдын үзөңгүлөштөрү бул иш боюнча Европадагы Адам укуктары сотуна кайрыларын билдиришти.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG