Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Роспотребнадзор Навальный түнөгөн мейманкананы текшерди


Алексей Навальный Берлиндеги «Шарите» клиникасында.
Алексей Навальный Берлиндеги «Шарите» клиникасында.

Роспотребнадзор орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ууландырылганга чейин түнөп кеткен Томск шаарындагы «Xander» мейманканасын текшерип кетти. Бул тууралуу аталган мейманкананын администратору РИА жаңылыктар агенттигине билдирди.

«Роспотребнадзор үлгүлөрдү алып кеткен жана ал жактан эч нерсе табылган жок. Бөлмөнү кадимкидей эле тазалап чыкканбыз. Бир нерсе болсо, биз иштебейт элек», - деди ал.

Мындан тышкары мейманкананын администратору Навальныйдын тарапкерлерине саясатчы түнөп кеткен бөлмөнү карап чыгууга уруксат беришкенин, бөлмөдөн алынган бөтөлкөдөн «Новичок» уулуу заты табылганы тууралуу кабарларга таң калып турганын кошумчалады.

Өткөн аптада Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фонду (ФБК) оппозициячыл саясатчы адеп айтылгандай аэропортто же учакта эмес, мейманкананын бөлмөсүндө ууландырылганын билдиришкен. Маалыматка ылайык, оппозициячыл саясатчынын тарапкерлери Навальный түнөгөн бөлмөдөн бардык буюм-тайымдарды чыгарып кетишкен. Алардын арасындагы суунун бөтөлкөсүнөн «Новичок» затынын калдыктары табылган.

Орусиялык оппозиционер Навальный 20-август күнү Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Алгач Омскидеги ооруканага жеткирилип, кийин жакындарынын талабы менен Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган. Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный нервди шал кылуучу «Новичок» заты менен ууландырылганын билдиришкен. Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG