Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:06

Башкы прокуратура эки партия мыйзам бузганын билдирди


Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын имараты. Бишкек шаары.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын имараты. Бишкек шаары.

Башкы прокуратура 21-сентябрда шайлоо мыйзамынын сакталышы боюнча ишти улантып жатканын жарыялады.

Анын жүрүшүндө «Бир Бол» партиясынын атынан талапкер катары катталган жаран Норвегиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу экени аныкталганын билдирди. Муну менен консулдукта иштегендердин саясий ишке аралашуусуна тыюу салынган мыйзам бузулганын маалымдады.

Башкы көзөмөл органы мыйзам бузуу фактыларын жоюу боюнча Тышкы иштер министрлигине кат жөнөткөн.

Мекеменин маалыматында «Замандаш» саясий партиясынан Кадамжай райондук аймактык шайлоо комиссиясына мүчө болгон адам Социалдык фонддун жергиликтүү мекемесинин башчысы экени аныкталганы да айтылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы менен Социалдык фонддун жетекчилигине маселенин мыйзамга шайкештигин карап чыгып, чечим кабыл алуу сунушталган.

«Бир Бол» партиясы Башкы прокуратуранын маалыматына азырынча комментарий бере элек.

«Замандаштын» басма сөз кызматы партия тарабынан мыйзам бузуу болбогонун айтып, эреже бузууга жол бербөөгө Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү деген билдирүү таратты.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды. (NT)

XS
SM
MD
LG