Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Москва Навальный үчүн санкцияга кабылмай болду


Навальный үй-бүлөсү менен. Берлин, 2020-жыл.
Навальный үй-бүлөсү менен. Берлин, 2020-жыл.

Европарламент Навальныйдын иши боюнча Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырды.

Европа парламенти орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын өмүрүнө кол салуу аракети боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө, Евробиримдикти Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырган резолюция кабыл алды.

Документте Навальныйдын өмүрүнө кол салуу «Орусияда сынчыл ой-пикирдеги адамдардын үнүн басыш үчүн системалуу жүргүзүлгөн аракет» катары мүнөздөлүп, Кремлдин мындай саясаты «өлкө ичиндеги репрессия жана тышка көрсөтүлгөн агрессия» деп бааланат.

Санкцияларды Навальный жана анын Коррупцияга каршы күрөш фонду жүргүзгөн иликтөөлөрдө аты аталган бардык орусиялык аткаминерлерге каршы кабыл алыш керек экендиги баса белгиленет. Буга «Магнитский тизмеси» сыяктуу бирдиктүү санкциялык документ иштеп чыгуу сунушталат.

Бир күн мурда эле Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб менен жолугушуусунан кийин Орусияга Навальныйдын ууланышын терең иликтеп, түшүндүрмө берүүгө жетиштүү убакыт берилгенин баса белгилеген.

«Эч кандай шартта химиялык курал колдонууга жол берилбейт. Эки жыл мурун адамдын акыл-эсин шал кыла турган уулуу зат Солсбериде колдонулган. Бүгүн да бул курал колдонулганы тастыкталып жатат», - деген Помпео.

Помпео менен Раабдын жолугушуусу.
Помпео менен Раабдын жолугушуусу.

Дүйшөмбүдө Франция менен Швейциядагы эки эркин лабораторияда Навальныйдын анализдери дагы текшерилип, анда немис адистеринин Навальный «Новичок» менен ууландырылган деген корутундусу бышыкталган.

Буга чейин Вашингтон «эгерде оппозициячынын ууландырылганы ырасталса, анда чара көрө турганы, ал чара 2016-жылкы АКШ шайлоосуна Орусиянын кийлигишкенине каршы америкалыктардын реакциясын да басып кетерин» белгиленген.

Ак үйдөгү жана Европарламенттеги билдирүүлөргө улай АКШдагы бир катар беделдүү окуу жайларынын өкүлдөрү менен мурунку орусиялык окумуштуулар Алексей Навальныйды Нобел сыйлыгына көрсөтөрүн жарыялашты.

«Муну окумуштуулар башташты. Балким, артынан мамлекеттик ишмерлер, эл аралык уюмдар кошулат. Бирок биринчи саясатчылар эмес, окумуштуулар баштаганын эске алып койгула. Окумуштуулардын арасында мурда Навальныйдын ишмердигин анча жактырбай, бирок соңку окуялардан кийин аны колдоп чыккандар бар», деп жазды америкалык Ратгер yниверситетинин профессору, социолог Сергей Ерофеев «Фейсбуктагы» баракчасында.

Берлиндеги ооруканада эки жумадан ашык комада жаткан Навальный апта башында «Инстаграмдагы» баракчасына үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, өз алдынча, аппаратсыз дем ала баштаганына бактылуу болуп турганын жазган.

Анын Коррупцияга каршы күрөш фондундагы кесиптештери саясатчы Томскиде аэропортто же учакта эмес, мейманканада ууландырылганын маалымдап жатышат. 20-августта оппозициячы учакта эстен танып жыгылгандан кийин анын тарапташтары Томскиде түнөгөн мейманканадагы бөлмөсүнөн буюм-тайымдарды чыгарып кетишкен. Кийин Берлинге жөнөтүлгөн буюмдардын ичинен уулуу «Новичок» затынын издери суунун бөтөлкөсүнөн аныкталган.

Бул уулуу затты жасап чыккан орусиялык окумуштуулардын бири Владимир Углев «Проект» басылмасына мындай ууланган сууну ичкен адам дароо эсин жоготорун айтып, «Навальный ууландырылган бөтөлкөнү кармаган же кандайдыр бир контакт болгон» деп түшүндүргөн.

Кремлдин жообу

Расмий Москва Навальныйдын уулуу «Новичок» заты менен ууландырылганын тастыктаган Европадагы лабораториялардын далилдерин көрбөгөнүн билдирип, Кремлге айтылган бардык дооматтарды четке кагып келет.

Шаршембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Батыш Орусияга кошумча санкцияларды киргизиш үчүн гана Навальныйдын ууланышын колдонуп жатат» деп сындаган.

«Мен биздин саясат таануучулардын бир сөзүнө кошулам. Навальный болбосо деле алар жаңы санкцияларды киргизиш үчүн башка бир нерсе таап чыгышмак. Навальныйдын окуясы боюнча Батыштагы кызматташтар бардык чектен чыгып кетишти. Алар бизден «күнөөнү моюнга алгыла» деп талап кылып жатышат. «Силер немис адистерине ишенбейсиңерби?» деген маселе көтөрүп жатышат», - деген Лавров.

Бул билдирүүнүн алдында министрлик Лавровдун Берлинге дайындалган сапары немис кызматташынын иш графиги өзгөргөндүктөн токтотулганын кабарлаган.

Лавров менен Песков.
Лавров менен Песков.

Андан тышкары Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиядан Германияга газ ташуучу «Түндүк агым - 2» түтүгүнүн курулушун Навальныйдын ишине байланыштырбоого чакырды.

«Газ түтүгүн саясатка аралаштырбай, саясатташтырбай караш керек. Бул - коммерциялык долбоор. Ал Орусиянын да, Евробиримдиктин да, өзгөчө Германиянын да кызыкчылыктарына туура келет», - деди Песков.

Навальныйдын «Новичок» менен ууланганы бышыкталгандан кийин эл аралык коомчулукта Германияны Орусия менен «Түндүк агым - 2» курулушун токтотууга чакырган үндөр жаңыра баштаган. Бул долбоор Орусиянын газын деңиз аркылуу Украина менен Польшаны кыйгап өтүп, Батыш Европага жеткирүүгө багытталган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG