Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

ФБК: «Новичоктун» изи Навальный түнөгөн мейманканадан табылды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

«Новичок» уулуу затынын издери бар бөтөлкө Томск шаарындагы мейманкананын Алексей Навальный жаткан бөлмөсүнөн табылган. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү фонду (ФБК) 17-сентябрда билдирди. Саясатчынын «Инстаграмында» жайгаштырылган билдирүүдө анын кесиптештери Навальныйдын мейманканадагы бөлмөсүнөн бардык буюм-тайымдарды чыгарып кетишкени жазылган. Алардын арасында суунун бөтөлкөлөрү да болгон. Алардын бардыгы Берлиндеги медиктерге тапшырылган. Кийин ошолордун биринен уулуу заттын издери аныкталган.

Орусиялык оппозиционер Навальный 20-август күнү Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Алгач Омскидеги ооруканага жеткирилип, кийин жакындарынын талабы менен Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган. Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный нервди шал кылуучу «Новичок» заты менен ууландырылганын билдиришкен.

Батыш мамлекеттери расмий Москвадан оппозизиционердин ууланышы боюнча кылдат иликтөөнү талап кылышкан. Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин билдирүүдө.


XS
SM
MD
LG