Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Кыргызстандыктардын Швейцарияга эркин кирип-чыгышына уруксат берилди


Швейцариянын желеги.
Швейцариянын желеги.

Кыргызстандыктарга 7-сентябрдан тартып Швейцарияга виза менен эркин кирип-чыгууга уруксат берилди.

Коронавирус пандемиясынан улам чектөө киргизилип, кийинчерээк жумшартылган эрежелерге ылайык, Швейцарияга барган кыргызстандыктар 10 күндүк карантинге алынышы керек эле.

Швейцария өкмөтү 4-сентябрда кабыл алган чечимге ылайык, андай шарт-талаптар алынып ташталды.

Буга чейин Кыргызстан менен Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Өзбекстандын ортосунда түз авиакаттамдар жанданган. 17-сентябрдан Казакстан менен да авиакаттамдар калыбына келтирилери расмий кабарланган.

Кыргызстан август айында коронавирустун жайылышы басаңдаган жана эпидемиологиялык абал турукташканы байкалган 32 мамлекеттин жарандарына өлкөгө эркин кирип-чыгууга уруксат берген.

Алар: Орусия, Грузия, Азербайжан, Армения, Өзбекстан, Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Белгия, Австрия, Улуу Британия, Германия, Ирландия, Исландия, Италия, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Португалия, Түркия, Швейцария, Швеция, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Пакистан, Словения, Кувейт жана Жапония.

Кыргызстан чектөөлөрдү алган өлкөлөрдүн ичинен айрымдарында кайрадан коронавирус күчөй баштаганы кабарланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG