Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Ташкентте эки мектеп карантинге жабылды


Балдарды күткөн мектеп. Өзбекстан.
Балдарды күткөн мектеп. Өзбекстан.

Жергиликтүү бийликтин чечими менен Ташкенттин Шайхантахур районундагы эки мектеп жабылганын Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы буга мектептеги мугалимдерде коронавирус аныкталганы себеп болгонун билдирди.

«Буга байланыштуу биз мугалимдер менен ата-энелерди ашыкча тынчсызданбоого жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен адаттагыдай жашоо образын улантууга чакырабыз. Жабылган мектептер дезинфекциялык иштер аяктагандан кийин ишмердүүлүгүн кайра улантат», деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Өзбекстанда жаңы окуу жылы 7-сентябрда башталган. Окуу жергиликтүү кеңештердин чечимдерине ылайык, негизинен мектептерде жүргүзүлүүдө. Мектептердин ишке киришинде андагы санитардык-эпидемиологиялык абал жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун корутундусу да эске алынат.

Өзбекстанда 17-сентябрга карата коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын саны 50 миңге чукулдады. Оорудан көз жумгандардын расмий саны 409 адам. Анын 288и борбор шаар Ташкентте.

Өзбекстандын калкынын саны - 35 млн. адам.

XS
SM
MD
LG