Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Бишкектин Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйдө чыккан өрт өчүрүлдү


Жал кичирайонундагы өрт. Бишкек шаары. 16-сентябрь, 2020-жыл.
Жал кичирайонундагы өрт. Бишкек шаары. 16-сентябрь, 2020-жыл.

Бишкектин Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйдө чыккан өрт саат 23:35те өчүрүлдү. Учурда өрттүн кесепетин аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үй өрттөнүп жатканы тууралуу кабар алгач өрт өчүрүүчүлөргө 16-сентябрь күнү түнкү саат он бирге жакын түшкөн. Өчүрүүгө башында үч, кийинчерээк дагы кошумча эки бригада тартылган. 16 кабаттуу үйдүн дээрлик акыркы кабатында чыккан өрттү өчүрүү автокрандын жардамы менен гана мүмкүн болгон.

Баштапкы маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар жок.

Күбөлөрдүн айтуусунда, өрт чыккан курулуш «Шерой» ишканасына таандык.

Бишкекте 2016-жылы «Борсан Констракшн» эл аралык курулуш компаниясы салган 13 кабаттуу үйдө өрт чыккан. Анда турак жайдын чатыры, 3000 чарчы метри күйгөн. Үйдө жашоочулар материалдык чыгымга учураган.

Адистер Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүгүндө өрт коопсуздугу сакталбасын, ал эми өлкөдөгү өрт өчүрүү кызматындагы техниканын эскилиги жетип, 15 кабаттан бийик үйлөрдөгү тилсиз жоо менен күрөшүүгө техника жок экенин айтып келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG